Кафелерден 12 млн сомго жакын көмүскө киреше аныкталды
Мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаарында фискалдык программалык камсыздоо (ФПК) системасы менен иштеген коомдук тамактануу жайларында текшерүү жүргүзүп, олуттуу мыйзам бузууларды аныктады.
Текшерүү ФПКны киргизүү боюнча пилоттук долбоордун алкагында өткөн. Анын жүрүшүндө «Кульджа ХОГО» кафе тармагына караштуу үч мекемеде каттоодон өтпөгөн программалар аркылуу «көмүскө» эсеп жүргүзүлгөнү аныкталды. Эсепке алынбаган кирешенин суммасы 12 миллион сомду түзгөн. Бул айрым сатылуулар расмий фискалдык системада көрсөтүлбөгөнүн билдирет.
Мындан тышкары, төлөмдөр компаниянын атына эмес, жеке жактарга катталган QR-коддор аркылуу кабыл алынган. Ошондой эле кассалардан фискалдык чек менен ырасталбаган накталай каражаттар табылган.
Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, төлөнбөй калган салыктардын көлөмү болжол менен 648 миң сомду түзөт.
Салык кызматы кош эсеп жүргүзүү жана кирешени жашыруу мыйзам бузуу экенин эскертип, мындай фактылар аныкталганда айып пул салынып же жазык жоопкерчилигине тартуу чаралары көрүлөрүн билдирди.