Кайрат Осмоналиев Азербайжанга элчи болот
Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызмат ордуна Кайрата Осмоналиевдин талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу ЖКнын расмий сайтында жарыяланды. Эске салсак, Кайрат Осмоналиев юрист, Боршайкомдун мүчөсү.