Кайрат Примбердиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салынды

10-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 36

УКМКнын маалыматына караганда, ырчы «Айран» аттуу YouTube каналында сүйлөп жатып, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасаган.

«УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү «Расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты козутуу» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 1985-жылы туулган КРнын П.К.Т. аттуу жаранына карата “Айран-YouTube” каналында сүйлөп жатып, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасагандыгы үчүн, өлкөдөн чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып алынды», — деп жазылат маалыматта.

 

10-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 36
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X