Камчыбек Ташиев күрөөканалардын ишин текшерүүнү тапшырды

19-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 85

19-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев С.М. аттуу жаранга карата козголгон кылмыш иши боюнча жабырлануучу катары таанылган жарандар менен жолугушту. Жолугушууга аталган иш боюнча кармалган жаран да катышты.

Тергөө материалдарына ылайык, мурда бир нече жолу соттолгон С.М. узак убакыт бою күрөө жана сүткорлук ишмердүүлүгү менен алектенип келген. Ал жарандарга атайылап кысым көрсөтүүчү шарттарда жана жогорку пайыздык чендер менен акча каражаттарын берип, кийин пайда болгон карызды алардын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу максатында пайдаланганы аныкталган.

Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында “Шёлковый путь” турак жай комплексинин, «Арз Девелопмент» ЖЧКсынын 89 үлүшчүсү, ошондой эле бир катар жеке адамдар жабырлануучу катары таанылган.

Бул фактыларга байланыштуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бардык күрөөканалардын ишин, анын ичинде пайыздык чендерин жана насыя берүү шарттарын кылдат текшерүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

19-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 85
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X