Камил Чоткараев Нарын облусунун Кочкор районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
«Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык Чоткараев Камил Алияскарович Нарын облусунун Кочкор районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды», — деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, Кочкор районунун буга чейинки акими Эрмекбай Омошев Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун акими болуп дайындалган.