Камила Валиева дале көңүл чордонунда

16-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Спорт 33

Пекинде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында допинг-тест жана айрым ачыкка чыкпаган тирешүүлөрдүн айынан көңүл чордонунда калган Камила Валиева аялдар арасындагы жекелик мелдеште алдыда келе жатат. Ал кечээги жарышта техникалык жактан бир мүчүлүштүккө жол бергени менен алдыңкы сапка көтөрүлүп, залда олтургандардын колдоосуна ээ болду. Валиеванын көрсөткөн программасынан кийин залдагылар туруп кол чабышкан. Ошентсе да он беш жашар Валиева эгер алдыңкы үчтүккө кирип калса, аны сыйлоо аземи болор же болбосу азырынча белгисиз.

Спорттук арбитраждык соттун көчмө жараянынын чечимине нааразы болгонун жашырбаган Эл аралык олимпиада комитети таймаштарда россиялык бул чемпион кандай медалга татыса да сыйлоо салтанаты болбостугун кыйыткандай болууда. Мындай окуялар спортчуга эмоционалдык жактан оор тийип, ал кечээги кыска программадан кийин өзүн жаман сезгени айтылууда.

16-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Спорт 33
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X