Кантта пландалган иштердин жарымы да аткарылган жок, мэр кызматтан кетти
Кант шаарында 2026-жылдын тогуз айында жергиликтүү бийлик белгилеген 55 иш-чаранын 21и гана аткарылган. Бул тууралуу 23-ноябрда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн республикалык кеңешмеде президенттик администрациянын бөлүм башчысы Азамат Кадыралиев билдирди.
Анын айтымында, жүргүзүлгөн мониторинг жергиликтүү бийликтин ишти пландаштыруу жана тапшырмаларды аткаруудагы кемчиликтерин аныктаган.
Ошондой эле шаарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана таштандыларды өз убагында чыгаруу иштеринин абалы канааттандырарлык эмес деп табылган.
Белгилей кетсек, 23-ноябрда Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев өз каалоосу менен кызматынан кеткен.