Кар көчкү түшүшү мүмкүн

25-ноябрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 60

ӨКМге караштуу Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 25-26-ноябрь күндөрү шамалдын күч алышына байланыштуу Каракол – Эңилчек унаа жолунун 70-90-чакырымдарында Чоң-Ашуу ашуусуна кар көчкү түшүшү мүмкүн.

Маалыматта бул күндөрү жолдор тайгак болуп муз тоңору, андыктан унаалардын ортосундагы аралык 500 метр болушу керектиги жазылат.

25-ноябрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 60
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X