Кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө
Өлкөнүн тоолуу аймактарына кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. «30-январдан тарта 1-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу аймактарда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Айрыкча Каракол – Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашууда, Мырзаке – Кара-Кулжа –Алайкуу унаа жолунда жолдор тайгак болуп муз тоңот. Айдоочуларга сак болуу сунушталат,-делет маалыматта.