Кар жаайт. Аба ырайы тууралуу маалымат

23-март, 2022-ж. / Редакция / Аба ырайы 26

Эртең, 24-мартта түнкүсүн Кыргызстандын көпчүлүк аймагында маал-маалы менен жаан,  тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Жаан, кар жаай турган аймактар:  Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаайт.

Чүй, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда маал-маалы менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7;

Талас жергесинде түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 0…5, күндүз 4…9;

Ысык-Көлоблусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6;

Нарыноблусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5;

Бийик тоолордо түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6 градус.

Бишкекте түнкүсүн маал-маалы менен кар жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 5…7 градус болот.

23-март, 2022-ж. / Редакция / Аба ырайы 26
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X