Кара-Сууда 11 гектар жерге социалдык шаарча курулат

17-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 31

Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылына «Мурас» социалдык шаарчасын куруу пландалууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, шаарча куруу боюнча эскиздик долбоор райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан иштелип чыкты. Анын аянты дээрлик 11 гектарды ээлейт. Учурда долбоорду жүзөгө ашыруу боюнча иштер башталды

17-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 31
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X