Кара-Сууда көмүр исине ууланып үч бала каза болду

16-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 80

Ош облусунун Кара-Суу районунун Баш-Булак айыл аймагында көмүр исине ууланган 6, 3 жана 1 жаштагы үч бала каза болду. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-декабрда аталган айыл аймагында жашаган 27 жаштагы Т.С. жана 8 жаштагы Б.Н. көмүр исине ууланып, ооруканага жеткирилген. Ал эми 6 жашар, 3 жашар жана 1 жашар балдар көмүр исинен ууланып, Ош облустук ооруканасына көз жумгандан кийин алып келингендиги тастыкталган.

Аталган факты Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүндө каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Окуянын себептери такталууда.

16-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 80
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X