Кара-Сууда сугат каналдары тазаланууда

10-февраль, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 58

Айыл чарба министрлиги маалымдагандай, Ош облусунун Кара-Суу районунда сугат каналдары тазаланып жатат. Ош шаарын аралап өткөн айрым каналдар оңдолуп, айрым жерлери бетондолууда.

Мыйзамсыз салынган курулуштар алынгандан кийин суу жээктери ачылып, тазалоо иштерине техникалар кирди. Каналдын ичиндеги ылай, таштанды жана суунун өтүшүнө тоскоол болгон бак-дарактар тазаланууда.

Бул иштер жазгы сугатка даярдык үчүн жүргүзүлүүдө. Дыйкандарга суу өз убагында жетиши үчүн каналдар октябрь айынан бери тазаланып келет. Пландалган жумуштар март айында бүтүп, сугат суу бериле баштайт.

Азыр “Араван-Ак-Буура”, “Кайырма”, “Жаны”, “Жообас”, “Жекелик”, “Увам”, “Муян” жана “Южный” каналдарында иштер жүргүзүлүүдө.

10-февраль, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 58
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X