КАРАКОЛ ШААРЫНДАГЫ ВИЦЕ-АДМИРАЛ М.С.ТЕМИРОВ АТЫНДАГЫ АВТО-МЕКТЕПТИН КЫЗМАТКЕРИ ТААЛАЙБЕК МАЛАЕВ: “МЕКЕН АЛДЫНДАГЫ ЫЙЫК МИЛДЕТТИ АТКАРУУДАН ЧАРЧАБАЙБЫЗ”
Маектеш тууралуу маалымат:
Гвардиянын запастагы улук прапорщиги Малаев Таалайбек Шейшекеевич 1968-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылында туулган. 1985-жылы орто мектепти аяктагандан кийин 1986-жылы Советтик Армиянын катарына аскерге чакырылып, мекен алдындагы милдетин Германиядагы советтик аскерлердин тобунун 68-танкалык полкунда өтөгөн. 1991-жылы Тоолуу–Карабахтагы жаңжалды турукташтырууга катышкан. 1993–2004-жылдары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында ар кандай кызматтык орундарда кызмат кылган. 1999-2000-жылдары Баткен согушунда катышкан. Азыркы учурда Каракол шаарындагы вице-адмирал М.С.Темиров атындагы Спорттук-техникалык коргоо уюмунун “Гвардия” аскер-патриоттук клубунун жетекчиси болуп эмгектенет.
– Таалайбек Шейшекеевич, “Гвардия” аскер-патриоттук клубунун жетекчиси катары сиздер болочоктогу мекен сакчыларын кандай өзгөчөлүктөр менен окутасыздар?
– Аскердик-патриоттук тарбия — Ата Мекен коопсуздугун коргоо милдетин аткаруу үчүн зарыл болгон бийик идеялык-ыймандык, адептик-күжүрмөн жана моралдык-психологиялык сапаттарды калыптандырууга багытталган таалим-тарбия иштеринин бир бөлүгү. Ал Ата Мекенди коргоонун тарыхый тажрыйбасын талдай билүү, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо милдетин түшүнүү, аскер ишиндеги өнүгүү багыттарын эске алуу сыяктуу атайын принциптерге негизделет. Бийик идеялык-ыймандык, моралдык-психологиялык сапаттарга ээ жана дене бою чың, аскердик-техникалык билими бар, өз элинин жана анын Куралдуу Күчтөрүнүн күжүрмөн салттарына чексиз берилген атуулдарды тарбиялоо аскердик-патриоттук тарбиянын негизги милдетине кирет. Биз аскердик-патриоттук тарбияны окуу жайлар, жаштар уюмдары, аскер комиссариаттары, граждандык коргонуу органдары, согуштун жана эмгектин ардагерлеринин уюмдары, спорттук коомдор менен биргеликте эриш-аркак жүргүзүп, окутабыз. Аскердик-патриоттук тарбия ишин адептик тарбия менен эриш-аркак натыйжалуу жүргүзүү учурдун олуттуу талабы болуп саналат. Мекен алдындагы ыйык милдетибизди аркалаштан эч чарчабай, жаш улан-кыздарыбызга мамлекетибиздин келечеги үчүн аскердик-патриоттук билим-тарбиябызды берип келүүдөбүз. Жаштарды тарбиялоодогу мындай иштерибиздин акыбети эч качан жаман болбойт деп ойлойм.
Калыгул Бейшекеев