Караколдо 1000 орундуу конгресс-холл курулууда
Каракол шаарында 1000 орундуу заманбап конгресс-холлдун курулушу уланууда. Долбоорду “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы Турукташтыруу фондунун эсебинен ишке ашырууда.
Курулуш иштери быйыл май айында башталган. Жалпы аянты 1,6 гектарды түзгөн тилкеде жайгаша турган имараттын пайдубалы толук бүткөрүлүп, биринчи кабаттын плитасы бетондолду.
Учурда экинчи кабаттын тирөөч мамыларын орнотуу иштери жүрүп жатат. Долбоорлоо иштери да курулуш менен катар жүргүзүлүүдө.