Караколдо эки объекттен курулуш мыйзам бузуулары аныкталды
Каракол шаарында курулуш объектилерин текшерүү учурунда мыйзам талаптарын жана курулуш ченемдерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы билдирди.
Текшерүүдө Кадыров көчөсү, 92 дарегиндеги конок үйү жеке турак жай курууга арналган жер тилкесине жайгашканы белгилүү болгон. Ошол эле учурда жер тилкесинин жана турак жайдын максаттуу багыты мыйзамда белгиленген тартипте өзгөртүлбөй, объект конок үйү катары пайдаланылып келген.
Мындан тышкары, Коенкозов көчөсү, 10 дарегиндеги барак тибиндеги көп батирлүү турак жайларда тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз курулуш иштери жүргүзүлгөнү аныкталган.
Аталган фактылар боюнча жооптуу тараптар И.Ф.Г. жана А.М.М. карата тиешелүү актылар түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 144-беренесине ылайык административдик чаралар көрүлдү.