Каракол зоопаркында гуанако түрүндөгү ламанын жаңы ботосу жарыкка келди. Бул тууралуу “Бугу-Эне” фонду маалымат берип, социалдык тармактарга видеосун жарыялады.
«Ал тез эле үйүргө аралашыпкетти. Азыр энесинен калбай ээрчип жүрөт. Энеси болсо аны кызгануу менен коргоп турат», – деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Каракол зоопаркы 1987-жылы негизделген жана 7,5 гектар аянтты ээлейт.

