Караколдо жолдун ортосунда дрифт уюштурган айдоочуга айып пул салынды

6-июль, 2022-ж. / Редакция / Коом 26

Каракол шаарында «Тойота» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдун ортосунан дрифт уюштурган. Ага 7500 сом айып салынды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-июль күнү болжол менен кечки саат 17.25 чамасында «Тойота-Карина» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, жаңыдан реконструкция иштери аяктап, жаңы асфальт төшөлгөн шаардын негизги көчөлөрдүн бири — Токтогул көчөсүндө дрифт уюштурган. Бул жоосунсуз окуяга күбө болгондор дароо Каракол ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө билдиришкен.

Алынган билдирүүгө боюнча, Каракол ШИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тез арада багытталып, жол эрежесин бузган айдоочуну аныктоого ыкчам чаралар көрүлгөн. Көрүлгөн чаралардын жүрүшүндө, көп узабай жол коопсуздугунун инспекторлору тарабынан «Тойота Карина» унаасынын айдоочусу аныкталып кармалган. Ал Бишкек шаарынын 19 жаштагы тургуну К.Б болуп чыкты.

“Айдоочуга карата Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 189-беренеси (Автоээнбаштык) негизинде протокол түзүлүп, 7500 сом өлчөмүндө айып пул салынды жана унаа айып төлөнүчү жайга киргизилди.
Каракол ШИИБ боюнча ЖККККБдан белгилегендей, айдоочулардын арасында – өзгөчө жаш айдоочулар – кээде тегеректегилерге таасир калтыруу аракетинде дрифт кылганды жакшы көрүшөт. Бирок алар мындай аракети менен жол эрежесин одоно бузуп гана тим болбостон, өздөрүнүн жана башкалардын өмүрүнө коркунуч туудурарын ойлошпойт”,-деп айтылат маалыматта.

6-июль, 2022-ж. / Редакция / Коом 26
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X