Караколго 1,5 млрд сомдон ашык каражат бөлүнөт

11-февраль, 2026-ж. / Редакция / Аймак 61

Каржы министрлиги Каракол шаарынын мэриясына парктарды, музейди жана өндүрүш объекттерин реконструкциялоого 1 млрд 582 млн 300 миң сом бөлүүнү сунуштады. Бул тууралуу Каржы министринин орун басары Нурбек Акжолов Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин эки тескемеси депутаттардын макулдашуусуна киргизилип, комитет мүчөлөрү тарабынан жактырылды.

Биринчи тескеме боюнча Каракол мэриясына 679 млн 600 миң сом каралган. Каражат Александр Пушкин атындагы паркты реконструкциялоого 450 млн сом, Өмүкен Сейлакунов атындагы скверге 70 млн сом, ал эми Каракол тарыхый-өлкөтаануу музейине 159 млн 600 миң сом багытталат.

Экинчи тескеме менен 902 млн 700 миң сом бөлүү сунушталды. Бул каражат темир-бетон заводун модернизациялоого 273 млн сом, автобустарды сатып алууга 300 млн сом жана муниципалдык ишканалар үчүн атайын техника алууга 329 млн 700 миң сом жумшалмакчы.

Тийиштүү комитет аталган эки тескемени тең колдоду.

11-февраль, 2026-ж. / Редакция / Аймак 61
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X