"Эркин-Тоо"

Катардагы жоокер Ислам Токторбаев: Мекендин бактысы өмүрдөн кымбат!

«Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат»,-дегендей ар бир кыргыз мырзасы аттын жалыны менен ойноп, саяпкерлик менен алектенип, жетимиш өнөрдүн ээси болууга милдеттүү. Бирок өнөрдү да барктап да, таптап да алуу ар бир адамдын өзүнөн. Катардагы жоокер Ислам Токторбаев балачагынан бери сүрөт тартуу менен алектенет. Кайда болбосун бул өнөрүн таштабай, өнүктүрүү аракетинде.

Ал Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Өрнөк айылында 1999-жылы туулган. Өрнөк айылындагы Герей-Шорон атындагы мектепте окуп жүргөн убакта класстар аралык сүрөт тартуу сынактарын жеңип, мектептер аралык сынактарга да катышып, чеберчилигинин арты менен көптөгөн грамоталар менен сыйланган. Бала кезинен зирек жана чыгармачылыкка жакын жигит сүрөт тартууну мектепти аяктагандан кийин да таштаган эмес.

Буга удаа эле техникалык кесипке кызыгып, 2019-жылдан сентябрь айында Ош Мамлекеттик Универстетинин “Авто Механик” кесибине тапшырган. Ага утурлай, ал Мекенди коргоо жигиттик парзым деген мүдөөсү менен 2021-жылдын 13-октябрынан тарта ИИМдин Ички Аскерлеринин Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарындагы 718 аскер бөлүгүнө кызмат өтөөгө келген. Азыркы учурда 718 аскер бөлүгүнүн 8-кайтаруу батальонунун 3-ротасынын 2-взводунун 2-бөлүмчөсүнүн аткычы болуп кызмат өтөөдө.

Маегинде жаш жоокер аскердик тартипке да көнүп, өжөрлүк жана эрктүүлүк менен аскердеги таалим-тарбияны үйрөнүп келе жатканын билдирди. Ал Мамлекеттик стратегиялык аймактарды кайтаруу кандай татаал жана жоопкерчиликтүү экенин аскерден түшүнгөнүн да кошумчалады. «Аскерде көп кызыктуу күндөргө туш болдум. Мен үчүн бул жерде кызмат өтөө жашоомдогу жетишкендиктеримдин бири болду десем жаңылбаймын. Анткени аскерде Мекенди сүйүүгө, дени сак жашоого жана туура жолду тандоого үйрөтөрүнө ынандым. Патриоттуулук сезимиңди күчөтүп, эли-жериңе кызмат кылууга даярдайт. Мекендин бактысы өмүрдөн кымбат экенин үйрөтүштү. Бул жерде алгач ата-эненин кадырын билесиң. Сабырдуулукка үйрөнөсүң. Бул аскердик жашоонун чети гана. Жашоодо кандай максатың болсо, ага жетүүгө күч-кубат берет. Аскерге келгенге чейин алдыма туура эмес максатты койгонумду түшүндүм. Эми бардыгын өзгөртүп, алдыма койгон туура максаттарыма жетүүгө аракет жасайм. Ошондуктан аскерде кызмат өтөп жатканыма эч өкүнбөйм»,-дейт маегинде жоокер Ислам Токторбаев.

Ислам Токторбаев бош убактысында ИИМдин Ички аскерлеринин 718 аскер бөлүгүнүн имаратына сүрөттөрдү тартуу (граффити) менен да алектенет. Бул жаратмандыгын аталган бөлүктүн жетекчилиги да колдоп, жоокердин өнөрүнүн өнүгүшүнө салым кошуп жатышат десек жаңылышпайбыз.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!