Казакстанда картошка экспортуна чектөө киргизилди

28-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 35

Казакстандын айыл чарба министри кечээ, 27- январда “Казакстан Республикасынын аймагынан картошканы экспорттоонун айрым маселелери жөнүндө” буйрукка кол койду. Жергиликтүү басылмалар тиешелүү документ бүгүн, 28-январдан тарта күчүнө киргенин жазышты. Документке ылайык, алты айлык мөөнөткө картошканы өлкө аймагынан сыртка чыгарууга тыюу салынды. «Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерге экспорттоону кошпогондо, картошканы Казакстандын аймагынан бардык транспорттук каражаттар менен алып чыгууга алты айлык мөөнөткө тыюу салуу киргизилсин», — деп жазылган анда. Айта кетсек, буга чейин Казакстандын аймактарында картошканын килограммы 380-400 (68 сом) теңгеге чейин көтөрүлгөнү кабарланган.

28-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 35
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X