Кажы-Сайдагы уран калдыктарын толук зыянсыздандырууга даярдык жүрүүдө

17-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 97

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Тоң районунун Кажы-Сай айылындагы мурдагы уран өндүрүшүнөн калган объектилерди рекультивациялоого даярдык иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Министр шахталарды, өндүрүштөн калган имараттарды жана радиоактивдүү күл төгүндүлөрдү жеринен көрүп, аларды коопсуз абалга келтирүү маселелерин талкуулады. Ошондой эле Россиянын «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын өкүлдөрү менен калдык сактоочу жайдын аймагын толугу менен зыянсыздандыруу боюнча пикир алышты.

Белгилей кетсек, 2019-жылы «Уран өндүрүшүнүн таасирине кабылган мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо» мамлекеттер аралык максаттуу программасынын алкагында Кажы-Сайдагы калдык сактоочу жайды рекультивациялоо иштери аяктаган.

Эми аймакта совет мезгилиндеги уран өндүрүшүнөн калган имараттарды демонтаждоо жана радиоактивдүү күл төгүндүлөрдү коопсуз жайга көчүрүү иштери аткарылат.

Канатбек Чыныбаев тиешелүү кызматкерлерге тапшырмаларды берип, рекультивация иштерин сапаттуу жана коопсуз жүргүзүүгө өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Кажы-Сайдагы бул иштер жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу менен катар аймактын туристтик потенциалын өнүктүрүү үчүн да маанилүү экени белгиленди.

17-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 97
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X