Бүгүн, 26-ноябрда, Ош шаарынын Кең-Сай конушунда 480 орундуу мектептин курулушу үчүн мезгил кутусу салынды. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев жана жергиликтүү тургундар катышты.
Мектепте жылуулук берчү откана, ажаткана, спорт аянтчалары, балдар оюн аянтчасы, стадион жана рекреациялык зоналар орун алып, видео байкоолор коюлат.
Мэрдин айтымында, конушта социалдык инфраструктураны жакшыртуу багытындагы иштер уланууда. Учурда бала бакча жана көп кабаттуу ипотекалык үйдүн курулушу да жүрүп жатат.