Кеменгер эле Керексизов

5-апрель, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 55
Келечек жөнүндө баарлашуу

Бул жашоодо  айрым бир окуялардын кандайча болуп кеткенине акылың жетпей аң-таң калат экенсиң. Өткөн жылы  Ташкул Керексизовдун кайтыш болгонун укканымда дал ушундай абалда калган элем. Анткени, өткөн жылдын 31-мартында улуттук валюта банкнотторуна  элестери түшүрүлгөн Жусуп Баласагын, Саякбай Каралаев, Алыкул Осмонов, Сүймөнкүл Чокморов сыяктуу залкарларыбыз жөнүндөгү кыска метраждуу фильмдердин Улуттук банк тарабынан уюштурулган бет ачарында Ташкул байке менен жолугушкан элек. Бет ачардын соңунда стол четинде илимдин докторлору Кыяз Молдокасымов, Садык Алахан жана мен Ташкул Керексизов менен көпкө чейин  баарлашканбыз. Ал бизге өзүнүн башынан өткөргөн кызыктуу окуяларды көпкө дейре айтты. Бир убакта көптөн бери бүтпөй турган Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги “Аалам Ордо” комплекси жөнүндө сөз болуп калды. “Мен бул комплекстин курулушун белгилүу бир себептерге байланыштуу убактылуу токтотуп койгонмун. Кээ бирөөлөр таштап салды деп айтып жүрүшүптүр. Ал туура эмес.  Жаз келери менен ишти баштайбыз. Ишти баштоодон мурда мен силерди чакырам, келесиңер, Саякбайдын айкелинин жанында бир түн түнөйбүз дагы эртеси “Аалам Ордонун” курулушун кайрадан улантууга батабызды беребиз” деди. Чынында Ташкул байкенин айткандарын баарыбыз кунт коюу менен укканбыз. Көз алдыбызга көптөн бери токтоп калган “Аалам ордонун” курулушу кайрадан улантылып жатканы элестеп, ичибизден “бул уникалдуу курулуш бүтүп калат турбайбы” деп кубанып калган элек.

Рухий азык “Рух Ордо”

Көрбөйсүзбү, ошондон көп узабай Ташкул Керексизовдун дүйнөдөн кайтыш болуп кеткенин угуп шалдайып эле туруп калдык. Арабыздан кыргыздын кыраан уулу кеткенине ичибиз ачышып, айлабыз куруду. Мындан азыраак мурда эле Ташкул байкени куландан соо көрбөдүк беле деген өкүнүч ичке толду. Дүйнө жүзүндө капилет пайда болгон СОVID деген балекет илдет канча адамдарды сыздатканына жаның кашаят экен.

Мен Ташкул Керексизовду жакындан деле таанычу эмесмин. Болгону анын өз каражатына Чолпон-Ата шаарына курган “Рух ордо” комплексин көргөндөн кийин бул адамды баалап калгам. Мындан бир топ жыл мурун Ысык-Көлдө Россия, Казакстан, Канада, АКШ, айрым Европа өлкөлөрүнүн, Кыргыз Республикасынын кинематографисттеринин катышуусунда Эл аралык кинофестиваль  өткөн. Ошол фестивалдын ишин гезитибизде чагылдырып туруу үчүн мен да катышып калган элем. Бул эл аралык фестивалдын бир күнү “Рух Ордодо” өткөн. Чет өлкөлүк кинематографисттер эки-үч күндөн бери Ысык-Көлдүн сулуулугуна суктанып жүрүшкөн болсо, “Рух Ордону” көргөндөн кийин ого бетер элжирешип, “керемет, керемет” деп кайра-кайра айтып, тамшанганын жашыра албай жүрүштү. Алар көл боюна орнотулган Альфред Нобель сыяктуу улуу инсандардын айкелдеринин алдына туруп сүрөткө түшүшүп, андагы “Чыңгыз Айтматовдун үй музейин”, “Картиналардын жана фото сүрөттөрдүн галереясын”, “Саякбай Каралаевдин секичеси” кичи музейлерин, ислам, католицизм, православие, буддизм, иудаизм конфессияларынын кичи ибадаткана музейлерин кыдыра көрүшүп, ырахатка бөлөнүштү.

Кудай жалгап дал ошол күнү “Рух Ордодо” залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылышы болуп, бул иш-чарага чет өлкөлүк меймандар да катышышты. Кыязы бул иш-чарага катышуу мурун эле болжолдонгон болсо керек. Чынында Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылышы кинофестивалга катышууга келген чет өлкөлүктөр үчүн унутулгус окуя болуп калды. Алар жаңыдан ачылган Чыңгыз Айтматовдун отурган абалындагы айкелине жанаша отуруп түшкөн сүрөттөрүн өздөрү менен кошо ала кете турган болушту.

“Рух Ордо” бүгүнкү күндө көрүүчүлөрдүн аягы үзүлбөгөн өлкөбүздөгү көзгө басар маданий жайлардын бирине айланып отурат. Мына ошондо Ташкул Керексизовдон акылмандыкты көрдүм. Себеби, “Рух Ордодой” жайды куруу ар кандай адамдын оюна келе бербейт. Ал тапкан-ташкан каражатынын баарын ушул маданий комплексти куруп бүтүрүүгө жумшоо үчүн бел байлаганынын өзү эле анын кыргыз элинин күйүмдүү уулу экендигин айгинелеп турат. Ал адегенде “мен канткенде кыргыз элинин керегине жараган кандай иш жасасам болоор экен” деп абдан ойлонуп, өзү чыгармачылык изденүү менен көл жээгине “Рух Ордо” комплексин курууга бел байлагандыр.  Ал өзүнүн талантын, мекенчилдик сезиминин күчтүүлүгүн “Рух Ордо” маданий комплексин курууда ачык айкын көрсөтө алган. Көргөн адамдардын көөнүн ачып, жарпын жазган бул комплекстин композициялык түзүлүшүнүн, ага жайгаштырылган образдуу экспонаттардын, ибадат имараттардын баары ал кишинин жан жигеринен, ой түпкүрүнөн жаралган эмес беле. Азыркы учурда ачык асман алдындагы “Рух Ордо” маданий комлексин кыдырып көргөн соң, канчалаган  чет өлкөдөн келген катардагы туристтер, мамлекет башчылары мекенине унутулгус таасир менен кайтаары  бышык.

Өзгөчө жанрдагы уникалдуу чыгарма

Адатта кайсы бир жазуучу мыкты роман жазса, же сүрөтчү мыкты полотно тартса, кайсы бир композитор кайталангыс симфония жаратса оозго алынып, аябай макталып, сыйлыктарга ээ болот эмеспи.  Ал эми “Рух Ордону” да Ташкул Керексизов жараткан өзгөчө жанрдагы уникалдуу чыгарма катары бааласак болот. Ал кандайдыр бир чоң сыйлыкка деле ээ болгон жок. Ташкул Керексизов ага деле муктаж эмес болчу. Бирок, ал сүрөтчү болбосо да Көркөм сүрөт Академиясынын академиги наамы берилгендиги эң туура болгон экен. Анткени, маданий борбордогу бардык экспонаттарды өз колу менен жасабаса да идеянын автору болгон. Эгерде скульптуралык тигил же бул экспонат көңүлүнө туура келбей калса аны буздуруп,  кайрадан жасоону талап кылган учурлары да болуптур. Ырас, “Рух Ордону” куруп бүтүрүү оңойго турбаганын элдин баары биле бербейт. Себеби, азыркы жаркырап турган “Рух Ордонун” мурдагы орду таптакыр башкача болуптур. Ушундай жерди Ташкул аке бирөө талашпасын деп суу баскан саздак жерди өзү тандап алып, аны каналдарды каздырып отуруп, кургак тегиз аянтка айландырган жана жашыл газондорду, гүлдөрдү өстүрүү үчүн кара топурак ташып келип төктүргөн экен. Кийин ушул жерге көз артып, суктангандар да болуптур.

Дүйнөдө жок “Аалам Ордо”

Азыркы учурда “Рух Ордонун” кожоюну башка киши. Бирок, анын автору-жаратманы Ташкул Керексизов бойдон кала берет. Ошондуктан “Рух Ордонун” кире беришине анын элдерди тосуп алып жаткандай абалындагы эстелиги орнотулса, арбак ыраазы болоор эле деп ойлойм. Албетте бул келечекте аткарылуучу иш.

Мындан бир топ жыл мурун Ташкул Керексизов “Рух Ордону” оюндагыдай бүтүрүп алганга жетишкенден кийин Ысык Көлдүн түштүк жээгинен кум таштуу, одур-бодур жерди тандап алып, ага жергиликтүү бийликтен уруксат алгандан кийин Кумтөрдүн бульдозёрлорун жалдап келип, тегиздетип, ошол жерге “Аалам Ордо” деп аталган дагы бир жаңы маданий борборду курууга киришкен болчу. Бир ирет анын курулушу жарымдап калган учурда короосуна кирип, көрүп чыкканга мүмкүнчүлүк болуп калды. Ичи тептегиз аянт экен. Курулушу али толук бүтө элек болсо да “Аалам Ордонун” ичине киргенде адаттан тышкаркы дүйнөгө кабылгандай болуп, бир топко чейин дендароо болуп туруп калдым. Эгерде бул ордонун курулушу толук бүткөн болсо, ага таң калбаган киши калбайт го, «ордонун сырдана маани-маңызы эмнеде болду экен?» деп ойлонбой койбойт да экенсиң. Ушул суроонун жообун Ташкул Керексизовдун “Ысык-Көлдүн ыйык жерлери: сыйынуу, шык-жөндөм, чеберчилик” аттуу китепке жарыяланган маегин окуганда билдим. Чынында эле дүйнөнүн бир да жеринде мындай борбордун жок экенине ишенгендей болдум. Эмнеге эле жол бойлото көп сандаган боз үй түрүндөгү курулмаларды кыдырата кура берген, мунун кандай максаты болду экен, деп түшүнө берген эмесмин. Көрсө, Ташкул акенин ою боюнча “Аалам Ордого” кыдырата курулган бардык ыңгайлуулуктары бар боз үй курулмаларында 360 бала жашап,  ар кайсы жактан тандалып келинген 36 аалым мугалимдерден билим алышмак экен.  Демек “Аалам Ордо” кандайдыр бир эс алуу жайы эмес, балдарды илимге сугарган илимий борбор болмок тура. Ташкул акенин ою боюнча бул илимий борбор дүйнөдөгү башка илимий борборлордон айырмаланып, “Аалам Ордодон” билим алган илимпоздор плагиаттан таптакыр алыс болуу менен өздөрүнө гана таандык жаңы илимий ачылыштарды ачууга жол ачылып, алардын илимий эмгектери дүйнөдө чоң резонанс жаратып, Нобель сыйлыгына татыктуу болмок экен. Албетте, бул өтө амбициялуу долбоор деңизчи. Бирок, кыргыз элинин ичинен Нобель сыйлыгын алганга татыктуу болгон илимпоздорду даярдап чыгууга жасаган Ташкул акенин далаалатынын өзү эле кыргыз элине болгон күйүмдүүлүктүн туу чокусун көргөзүп жатпайбы. Бирок, ал “Аалам Ордону” аягына чейин куруп бүтүргөнгө үлгүрбөй калды. Коронавирус деген балекет аны арабыздан капилет алып кетти. Кандай болгон күндө да алдыда бул ордону куруп бүтүрүү милдети турат. Ошондуктан Ташкул Керексизовдун идеяларын жакшы түшүнгөн чыгармачыл адамдардан атайын топ түзүлсө жана президентибиз баш болуп катышкан республикалык деңгээлдеги ири марафон өткөрүлсө, чогулган каражаттын эсебинен Ордонун курулушу улантылып аягына чыгарылса деген оюмду билдиргим келет.

Кыялы Манасташта эле

Ташкул Керексизовдун  кыргыз элин дүйнө жүзүнө таанылган элдердин катарында көргүсү келгендигин, Америка Кошмо Штаттарынын Сиэтл шаарынан анча алыс эмес жайгашкан Манасташ деп аталган тоого Чыңгыз Айтматов атындагы театрды курууга жасаган аракетинен да көрүүгө болот. Манасташ тоосу кыргыз тоолорундай эле аска-зоолуу, көлү бар тоо экен. Ушул тоого Ташкул акенин дүйнөнүн эч бир жеринде жок театрды курууга бел байлап калуусуна биринчиден, АКШда жашаган кыргыздардын саны жыл өткөн сайын көбөйүп бараткандыгы түрткү  болсо, экинчиден, бул театр аркылуу кыргыз элинин маданий, руханий дөөлөттөрүн дүйнө элдерине жайылтуу максатын алдына койгон. Манасташ тоосу адамдар көп келбеген тоо экен. Бирок, Ташкул аке ушул тоону адамдардын аягы үзүлбөгөн, кишилер көп келе турган жерге айланта тургандыгын, анткени, бул жерге курулган экзотикалык театрда аткарылуучу ролдордун жарымын адамдар аткарышса, жарымын жан-жаныбарлар аткара тургандыгын, буга мүмкүнчүлүктөр бар экенин, ошондой эле көп каражатты талап кылган бул театрды курууга АКШдагы тааныштары, андагы көптөгөн өкмөттүк эмес уюмдар ж.б. жардам бере тургандыгын “Азаттыктын” кабарчысы Амирбек Азам уулу менен болгон маегинде билдирген экен.

Балдар дегенде санаасы санга бөлүнгөн

Ташкул аке кыргыз элинде болуп жаткан бардык көйгөйлөргө кайдыгер карабай, аларды кантип чечсек экен деп,  басса-турса ойлоп, жол издеген инсан тура. Аны мекенибиздеги жаңыдан 18 жашка толуп, бой тартып келаткан 2 миллиондон ашык жаштарыбыздын келечек тагдыры тынчсыздандырып,  базарларда араба тарткан балдарды канткенде сактап кала алабыз, аларды кантип жумуш орундары менен камсыз кыла алабыз деген ой анын санаасын санга бөлгөн. Ошол себептен ал бул көйгөйдү чечүү үчүн республикабыздын жер-жерлеринде дал 18 жаштагы жаштар иштей турган ар түрдүү багыттагы жайларды республиканын бардык аймактарында салуу керек деген идеяны айтып чыккан. Анын демилгеси менен биринчи жолу Түп районундагы карагайлуу Талды-Суу айылына адегенде “Шам-Бала”, кийин “Эл Ордосу” деп аталган туристтик максаттагы кыргыз улуттук колдонмо-жасалга өнөрүнүн мыкты үлгүсүндө тигилген керемет 4 боз үйдөн турган эс алуучу маданий жай ишке киргизилген. Бул долбоорду жүзөгө ашырууда КРнын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Канат Шабданбаев жакындан жардамын көрсөтүптүр. Бир чети Ташкул Керексизов менен мүдөөлөш Канат Шабданбаев өңдүү инсандардын болгондугу маркум аганын аткара албай калган иштери улантылат деген үмүттү жаратат. Анын үстүнө Канат Шабданбаевдин “Эл Ордосун” кеңейтип, толуктай турган пландары алдыда экенин да угуп калдык.

Акы болгон аты калды

Ташкул Керексизовдун турмуш жолуна саресеп салып отуруп, анын эч кимге окшобогон кайталангыс, бул дүйнөгө бир жаралган кыргыз уулу экенине, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов айткандай, Ташкул Керексизов чынында кеменгер адам болгонуна ынандым. Бул макаламда Ташкул Керексизовду Ташкул аке деп жазып жатканымдын себеби, ал да көл кылаасындагы акелердей эле өмүр кечирип, алардай эле урпактарына из калтырып кеткени унутулгус. Эл аны баалайт. Ылайым эле элибизде ушундай адамдар көп болсун!

№32 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 5-апрели
Абдимухтар АБИЛОВ

5-апрель, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 55
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X