Кеминде 50 орундуу төрөт үйү курулат

27-ноябрь, 2025-ж. / Редакция / Аймак 60

Бүгүн, 27-ноябрда, Чүй облусунун Кемин шаарында жаңы 50 орундуу заманбап төрөт үйүнүн курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Имарат Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен курулууда.

Маалыматка ылайык, Камчыбек Ташиевдин тапшырмасынын алкагында жана көзөмөлү астында өлкөбүздө социалдык муктаждыктарды камсыздоо, жаш муундарга билим берүү үчүн ыңгайлуу жана заманбап шарттарды түзүү боюнча бир катар ири долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын арасында Чүй облусундагы мектептер менен бала бакчалар, социалдык объектилер бар.

27-ноябрь, 2025-ж. / Редакция / Аймак 60
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X