"Эркин-Тоо"

Кеминде аялы күйөөсүнө бычак сайып өлтүргөн

Кеминде аялы күйөөсүн өлтүргөнгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-июнда милицияга Кемин районундагы үйлөрдүн биринин короосунан эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине барган милиция кызматкерлери 38 жаштагы Н.А. аттуу жарандын сөөгүн табышкан. Сыртынан кароо жүргүзүүдө маркум күч колдонуп өлтүрүлгөндүгү аныкталган.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүү беренесинин негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектелип маркумдун 1982-жылы туулган А.С. аттуу жубайы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө жубайлардын ортосундагы чыр-чатактан улам аялы күйөөсүн бычак менен сайып алганы белгилүү болгон.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!