Кимдердин айлыктары көтөрүлгөн?

Улуттук статистика комитети үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында экономикалык ишмердүүлүк менен алектенген көпчүлүк ишканаларда айлык акы көтөрүлгөнүн маалымдады.  Тактап айтсак, маалымат жана байланыш тармагында — 26,9 пайыз, транспорт жана жүктөрдү сактоо тармагында — 11,5 пайыз, мейманкана жана ресторан тармагында — 11,1 пайыз, илимий жана техникалык ишмердүүлүк менен алектенген тармактарда — 10,1 пайыз, баалуу металлдарды казуу тармагында — 10 пайыз, өндүрүш иштетүү тармагында — 9,2 пайыз, дүң жана чекене соода, автомобиль жана мотоцикл оңдоо тармагы — 8,5 пайыз, суу менен камсыздоо, таштанды иштетүү тармагынын кызматкерлеринин айлык акылары 6,6 пайызга өскөн. Ал эми  электр энергиясы, газ, буу менен камсыздоо жана курулуш тармактарында иштегендердин айлыгы өскөн эмес

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X