«Кирпи» сыйлыкка татыды

21-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 112

Кыргызстандагы популярдуу, кыргыз тилиндеги сканворддор, кроссворддор жана логикалык тапшырмалар камтылган көңүл ачуучу «Кирпи» гезиттер жыйнагы 25 жылдан бери окурмандарына сунушталып келет. Бул гезитти китеп дүкөндөрдөн, супермаркеттерден, бардык гезит сатуучу киоскалардан (күркөлөрдөн) таба аласыздар.

Аталган «Кирпи» гезити Мамлекеттик тил комиссиясынын “Ардак” грамоталары менен “Алкыш” грамотасына татыктуу болду. Сыйлык эне тилибиздин сөз байлыгын арттырууда жана элдин интеллектуалдык деңгээлин көтөрүүдө аткарган үзүрлүү эмгеги үчүн ыйгарылды. Аталган гезиттин негиздөөчүлөрү Мирлан Өмүрзаков жана жубайы Назгүл Атабаева. Сыйлык кут болсун, «Кирпи»!

 

21-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 112
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X