Кочкордо тоо эчкинин улагын атып, өлүгүн көчмө үйдүн жанына таштап кеткен

1-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 144

Кочкор районунун Каракол жайлоосунда мыйзамсыз аңчылык фактысы аныкталды. Рейд учурунда Дүңгүрөмө участкасындагы көчмө үйдүн жанынан жапайы тоо эчкинин улагынын өлүгү табылган.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын Кочкор району боюнча егерлери Кыргыз мергенчилер жана балыкчылар коомунун кызматкерлери менен биргеликте текшерүү жүргүзүшкөн.

Текшерүүдө көчмө үйдүн ээси, Кочкор районунун тургуну Н.Б. аттуу жаран жапайы тоо эчкинин улагын мыйзамсыз атканын мойнуна алган.

Министрликтин маалыматына караганда, тоо текенин эчкисине мыйзамсыз аңчылык кылып өлтүргөндөргө 300 миң сомго чейин айып пул салынат.

Окуя боюнча тиешелүү акт түзүлүп, мыйзамсыз олжолонгон жаныбардын өлүгү жана жаранга тиешелүү куралдын документтери Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Учурда окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Министрлик жапайы жаныбарларды мыйзамсыз жок кылууга жол берилбей турганын эскертип, жаныбарлар дүйнөсүн коргоо боюнча мыйзам талаптарын бузгандар жоопкерчиликке тартыларын билдирди.

1-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 144
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X