Кочкордо Турдакун Усубалиевдин эстелиги тургузулду (фото)
Мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы, Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин кичи мекени Кочкордо Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда көрүнүктүү ишмердин эстелигинин ачылышы болду. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Мамлекет башчы өз сөзүндө Турдакун Усубалиев өзү туулуп-өскөн Кочкор аймагында анын эстелигин орнотуу — мамлекеттик жана коомдук ишмер, өмүрү өрнөк болгон адамдын арбагын эскерүү жакшылыктын жышааны экенин белгиледи.
Маалыматка ылайык, Усубалиевдин эстелиги атайын буюртма аркылуу Екатеринбург шаарындагы Иван Дубровин аттуу атактуу эстелик куюучу устанын цехинен 1000 жылдык кепилдиги менен жогорку сапаттагы колодон 1,3 тонна салмакта куюлуп келген.
«Эстелик менен постаменти сапаттуу материалдан. Ал заманбап технология менен курулуп, жер титирөө жана башка табигый кырсыктарга туруштук бере алат. Эстеликтин бийиктиги 2,7 метр, жалпы постаменти менен жерден бийиктиги 8,7 метр», -деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Турдакун Усубалиев 1919-жылы 6-ноябрда Нарын облусунун Кочкор районунун, Кочкор айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Ал Кыргызстандын келечекте эгемендүү мамлекет катары өнүгүшүнө экономикалык, социалдык жана маданий зор салым кошкон.
