Комитет оюн-зоок, риелтордук иш жана баалуу кагаздар боюнча мыйзам долбоорлорун колдоду

16-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 77

Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин 15-сентябрдагы жыйынында Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген бир катар мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Алардын бири — оюн-зоок жана лотереялык иш чөйрөсүндөгү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору. Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланованын айтымында, документ онлайн-лотереяларды, санариптик ойнотууларды жана бинардык опциондорду укуктук жөнгө салууну сунуштайт.

Ошондой эле мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү, алдамчылык тобокелдиктерин азайтуу, жарандардын укуктарын коргоо жана бул инструменттердин кылмыштуу кирешелерди адалдоого же терроризмди каржылоого пайдаланылышына жол бербөө каралган.

Депутаттар интернеттин жана заманбап технологиялардын кеңири жайылышы менен алдамчылык схемалар да көбөйүп жатканын белгилеп, жарандарды коргоо жана калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын айтышты.Возможно, это изображение текст

Мындан тышкары, риелтордук ишти жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоору да биринчи окууда жактырылды. Документ кыймылсыз мүлк рыногунун ачык-айкындуулугун жогорулатууга, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого жана көмүскө ишти азайтууга багытталган.

Мыйзам долбоорунда риелтордук иш менен алектенген субъекттерди милдеттүү каттоодон өткөрүү жана сертификациялоо сунушталууда.

Талкууда депутаттар кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү түзүү, риелторлордун ишин көзөмөлдөө жана жаңы талаптарды аткаруу боюнча суроолорду беришти. Ошондой эле мамлекеттик жөнгө салууда ашыкча бюрократияга жол бербөө жана мыйзамдын аткарылышына жооптуу ыйгарым укуктуу органды так аныктоо зарылдыгы белгиленди.

Комитет ошондой эле «Акционердик коомдор жөнүндө», «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» жана «Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү караган мыйзам долбоорун колдоду.

Анын негизги максаты — баалуу кагаздар рыногундагы айрым жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү, бизнеске болгон административдик жүктү азайтуу, ашыкча талаптарды жоюу жана жөнгө салууну санариптик шарттарга ылайыкташтыруу.

16-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 77
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X