Комитетте үч мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты

16-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 94

 Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында үч мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Алардын бири мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жерлерди инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн берүү тартибин өркүндөтүүгө багытталган. Мыйзам долбоорун Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова тааныштырып, документте инвесторлордун милдеттенмелерин аткаруусун камсыз кылуунун кошумча укуктук механизмдери каралганын белгиледи.

Ошондой эле эл аралык медиациялык макулдашууларды таануу жана аткаруу механизмдерин улуттук мыйзамдарга киргизүүгө багытталган мыйзам долбоору да биринчи окууда жактырылды.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасы менен Кытайдын Гонконг атайын административдик районунун ортосунда кош салык салууну болтурбоо жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору колдоо тапты.

16-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 94
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X