Контролдук эл каттоо 2-майга чейин өткөрүлөт

12-апрель, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 44

Өлкөнүн алыскы аймактарында эл жана турак жай фондун каттоо 2022-жылдын 23-апрелинен 2-майына чейин жүргүзүлөт. Биринчи этапта айрым бир себептер менен каттоодон өтпөй калган адамдар үчүн калктын контролдук каттоосу өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 1216 «тынымсыз байланышы» аркылуу каттоодон өтпөй калган жарандардын арыздарын кабыл алуу улантылды. Кошумча суроолор боюнча төмөнкү телефон номерлерине WhatsApp аркылуу кайрылса болот.

Тел.: +996 (502) 159 815, +996 (999) 183 020

12-апрель, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 44
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X