Өткөн апта соңунда борбор калаабыздын “Sheraton” мейманканасынын жыйындар залында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бүгүнкү күндө кыргыз тилин өнүктүрүүдө аткарып жаткан иштери боюнча пресс-конференция болуп өттү.
Иш-чаранын башталышы окуу жайдын жетишкендиктери жана студенттерге билим берүүдө окутуучулар, студенттер үчүн түзүлгөн шарттар, окуу жайдын тарых таржымалы камтылган слайд менен ачылды. Буга Бишкектеги бир катар ММК өкүлдөрү катышты. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору Алпаслан Жейлан пресс-жыйындын максаты тууралуу сүйлөп, окуу жай түзүлгөн күндөн тартып ушул күнгө чейин кыргыз тилин өнүктүрүү жана жайылтуу багытында жасаган олуттуу кадамдары, жүргүзгөн ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Кыргыз-Түрк “Манас” университети Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Өз тилибизди сактап калуу жана аны өркүндөтүү – атуулдук да, мекенчилдик да парзыбыз” деген билдирүүсүнө ылайык, кыргыз тилинин өнүгүшүнө атуулдук жана мекенчилдик аң-сезими менен салым кошууну негизги милдеттеринин бири катары кабыл алган. Университеттин миссиясы – заманбап билим берүү системасы аркылуу түрк дүйнөсүнүн жаш муундарын аң-сезимдүү, өзүнө ишенген, жоопкерчиликтүү инсан катары тарбиялап өстүрүү. Окуу жайда өзүнүн маданий баалуулуктарын сактаган, ар тараптуулукка умтулган, инсан катары калыптанган, түрк дүйнөсү менен дүйнөлүк илимге өз салымын кошо алган, жаңы маданиятты курууну кыялданган жаш муундарды даярдоого артыкчылык берилет.
Пресс-конференцияда ректор Алпаслан Жейлан журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берди. Ал Кыргыз-Түрк “Манас” университетиндеги профессордук-окутуучулук курамдын үзгүлтүксүз жүргүзгөн иш-аракетинин натыйжасында кыргыз тилинин өнүгүүсүнө жана жайылуусуна салым кошкон ар тараптуу эмгектер жаралып жатканын айтты. “Факультетибиздин кызматкерлери заман талабына ылайык инновациялык ыкмалардын негизинде окуу китептерин методикага ылайык кайра иштеп чыгышты. Алсак, “Кыргыз тилин окутуунун жаңыча усул-ыкмалары” аттуу биринчи усулдук колдонмо; Кыргыз тилин окутуунун методикасын чечмелеген
“Кыргыз тилин окутуунун жаңы ыкмалары” аттуу экинчи усулдук колдонмо; А1, A2, B1, B2, C1 деңгээлинде кыргыз тилин чет тили катары окутуу багытында “Алтын көпүрө” окутуу топтомдору; Англис, орус, монгол тилдери менен кыргыз тилиндеги “Кыргызча сүйлөшмөлөр”. Ошондой эле биздин окуу комплексибиздин 3-муундагы окуу материалдары глобалдык, методологиялык жана инновациялык көз караштардын негизинде иштелип чыккан жана студенттерге натыйжалуу, кызыктуу жана жеңил үйрөнүү процессин сунуштайт. 75 000 сөздөн турган басма жана санариптик “Кыргызча-түркчө сөздүк”; Кыргызча-түркчө, түркчө-кыргызча чөнтөк сөздүктөр жана терминологиялык сөздүктөр басылып чыкты”, — деди ректор.
Кыргыз тилин натыйжалуу окутуу үчүн түзүлгөн усулдук иштелмелер камтылган китептердин ичинен “АЛТЫН КӨПҮРӨ” аттуу алты китептен турган эмгек чындыгында мактоого арзыган эмгек. Себеби, бул китептеги сунушталган усулдар аркылуу кыргыз тилин окутуу ары жеңил, ары кызыктуу. Ошол эле учурда натыйжалуу.
Ал эми студенттер өздөрү окуган окуу жайдан алган билимдеринин натыйжасында, мугалимдери менен биргеликте иш алып барып, кыргыз тилин үйрөнүүгө жардам берүүчү “АКЫЛАЙ” тиркемесин өнүктүрүүнүн үстүндө тынымсыз аракетте болуп жатышканы көңүл кубантат. Буюрса “АКЫЛАЙ” тиркемеси ишке кирип калса бүтүндөй дүйнө жүзүндөгү кыргыз тилин үйрөнгүсү келгендер үчүн интернет аркылуу оңой мүмкүнчүлүк ачылат. The Cramer Project командасы тарабынан кыргыз тилинде иштелип чыккан жасалма интеллект AKYLAI (кыргыз жана түрк тилдеринде “АКЫЛАЙ”, “AKILAY”, деп айтылат) долбооруна “Манас” университетинин синхрондук котормо жана компьютер инженерлиги бөлүмдөрүнүн окутуучулары жана студенттери катышкан.
Махабат АЛЫМБЕК кызы
№12 «Эркин-Тоо» гезити
2024-жылдын 13-февралы