Коомдук транспортто жоголгон буюмдар үчүн кеңсе ачылды

21-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 40

Коомдук транспортто жоголгон буюмдар үчүн кеңсе ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти Бишкек шаарындагы коомдук транспортто буюмун жоготуп алган же таап алган жарандар көп кайрылып жаткандыгынан улам жоголгон жана табылган буюмдар үчүн кеңсе уюштурууну чечкен.

Эгерде сиз коомдук транспортто кандайдыр бир нерсени жоготуп же таап алсаңыз, анда азыр сизге шаар боюнча тигил же бул маршрутту издөөнүн кереги жок. Департаментке кайрылып, өтүнүч калтырсаңыз болот. Арызда унутулган, табылган нерсени деталдуу түрдө баяндап, каттамдын номерин, ордун жана убактысын көрсөтүү зарыл.

Маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке же номерлерге кайрылса болот: 7-апрель 4а, же WhatsApp номери: 0 (559) 69-69-48.

21-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 40
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X