Коргоо министрлигине 81 даана автотранспорт техникасы тапшырылды

20-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 73

2026-жылдын 20-январында Бишкек шаарындагы Т. Усубалиев атындагы аянтта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине 81 даана автотранспорт каражатынын ачкычтарын тапшыруу аземине катышты.

Салтанаттуу иш-чарада Адылбек Касымалиев Коргоо министрлигин мамлекеттик бюджеттин эсебинен алынган жаңы техника менен куттуктап, тапшырылган унаалардын арасында «Тулпар Моторс» заводунда чыгарылган 19 даана JAC T-6 жана 36 даана Chevrolet үлгүсүндөгү автотранспорт бар экенин белгиледи. Анын айтымында, бул техника аскер бөлүктөрүнүн мобилдүүлүгүн арттырып, өздүк курамдын коопсуз жана ыкчам кыймылын камсыздайт.

МинКаб Төрагасы акыркы жылдары өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгү олуттуу чыңдалып, Куралдуу Күчтөрдүн бюджети 2018–2019-жылдарга салыштырмалуу 300 пайыздан ашык өскөнүн билдирди. Бөлүнгөн каражаттар армиянын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга, заманбап курал-жарак жана техника менен жабдууга, ошондой эле санариптештирүү иштерин жүргүзүүгө багытталган.

Ошондой эле, аскер кызматкерлерин социалдык жактан коргоо чаралары кеңейтилип, турак жай жана ипотекалык камсыздоо боюнча жеңилдиктер каралганын белгиледи.

Маалымат үчүн: Коргоо министрлигине 36 Chevrolet Cobalt, 19 JAC T-6, 18 «Газель» фургону, 5 экипаж автобусу жана 3 JAC Sunray кичиавтобусу болуп, жалпысынан 81 даана автотранспорт техникасы өткөрүлүп берилди.

20-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 73
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X