Кожомкул атындагы спорт сарайы оңдоп-түзөөдөн өтөт
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билдиргендей, Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосун реконструкциялоо иштери жазында башталат.
Анын айтымында, оңдоо иштерин мэрия жүргүзөт.
“Учурда жумушчу топ иштеп жатат. Реконструкциялоо иштеринде Спорт сарайы көп функционалдуу жайга айландырылат. Имараттын тарыхый көрүнүшү сакталат, ошондой эле бассейн да калтырылат. Комплекс «Жаштык» аренадай болуп өзгөрүп, бардык шарттар каралат”, — деди ал.