КР КУРАЛДУУ КҮЧТӨРҮНҮН ЗАПАСТАГЫ МАЙОРУ НУРЛАН САЛИБАЕВ: “ЖАШ МУУНДАРДЫ АСКЕРДИК-ПАТРИОТТУУЛУККА ТАРБИЯЛАП КЕЛЕБИЗ…”
Соңку убакта өлкөбүздөгү Спорттук-техникалык коргонуу уюмунун (СТКУ) ишмердүүлүгү коомчулукта оң бааланып, андагы кызматкерлердин иши көпчүлүк катмар тарабынан жылуу пикирлерге арзууда. Биз бул сапар Каракол шаарындагы генерал-майор Т.К.Молдобаевдин ысымын алып жүргөн Спорттук-техникалык коргонуу уюмунун аскердик-патриоттук клубунун башчысы Нурлан Кочкоровичти кепке тарттык.
– Жолдош майор, сөз башында алгач өзүңүздүн аскердик тажрыйба, билимиңиз тууралуу азын-оолак кеп салып бербейсизби?
– Мен жалпысынан өлкөбүздүн Куралдуу Күчтөрүндө 17 жыл аскердик ак кызматымды өтөдүм. Тагыраагы, 1995–1998-жылдары КР Куралдуу Күчтөрүнүн аскер институтунда окугам. 1999–2012-жылдары Мамлекеттик чек ара кызматынын ар кандай кызматтык орундарында аскердик кызматты аркаладым. 1999–2000-жылдардагы каргашалуу Баткен окуясына катышып, чек арадагы куралдуу кагылышуулар башыман өттү. Учурда Куралдуу Күчтөрдүн запастагы майору катары буга чейинки билимим менен тажрыйбамды келечектеги мекен коргоочуларына арнап, Спорттук-техникалык коргонуу уюмунда иштеп жатам.
– Каракол шаарындагы Спорттук-техникалык коргонуу уюмунун ишмердүүлүгү, андагы жаштарды мекенчилдикке тарбиялоодогу ыкмаларыңар ар убак борбордук жетекчилигиңерден тышкары жергиликтүү эл тарабынан да жылуу пикирлерге арзыганы сөз болуп келет. Көпчүлүк тарабынан жылуу пикирге арзыган мындай иштөө ыкмаңар боюнча пикириңизди билгибиз келет…
– Пикир болгондо кандай? Теориялык жактан алган билимиң менен ишиңдеги практикаң айкалышса, кызыктуу ыкма аркылуу аны жаш муундарга, келечек ээлерине жугумдуу кылып бере алсаң ушунун өзү утуш эмей эмне?! Аныгында ар бир мамлекеттин тарыхында анын коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу ар дайым көйгөй болуп келген. Аны чечүү кылдат ойлонулган мамилени талап кылат. Муну ХХ кылымдагы биринчи жана экинчи дүйнөлүк согуштар менен мындан башка да жергиликтүү куралдуу кагылышуулар көрсөткөн. Байыркы кытайлык стратег жана ойчул Сунь Цзы аскердик стратегия боюнча атактуу “Согуш искусствосу” деген трактаттын автору “Согуш — мамлекет үчүн чоң маселе, бул өмүр менен өлүм маселеси, аны туура эмес түшүнүүгө болбойт” – деп айтканы бар. Азыркы учурда дүйнөдө терроризмдин жана гегемониянын негизинде ар кандай согуштар, куралдуу кагылышуулар чыгып, экстремизмдин жана коркунучтуу идеологиялардын жайылуу коркунучу сакталып турганда, бул жеке адамдардан, коомдон жана мамлекеттен аларга каршы турууга кыраакылык жана дайым даярдыкты талап кылат. Башкасын кеп кылбасак да, өлкөбүз эгемендүүлүккө ээ болгондон бери бул коркунучтарды өз башынан өткөрдү. Тагыраагы, 1999-2000-жылдары болгон Баткен окуясы, 2010-жылдагы Ош окуясы жана 2021-2022-жылдардагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу чек ара чатагы. Мындай коркунучтарга каршы туруу жолдорунун бири – жаш муундарды аскердик-патриоттуулукка тарбиялоо жана массалык коргонуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү болуп саналат. Мындай шартта биздин коргонуу уюму жаштарды аскердик-патриоттуулукка тарбиялоо боюнча билим берүү уюмдары, аскердик бөлүктөр, укук коргоо органдары, ардагерлер бирикмелери менен тыгыз кызматташууну жүргүзүп келүүдө.
– Андай кызматташуунун бирин-экин үзүмүнөн бөлүшүп кетпейсизби?
– Караколдогу биздин курсанттар Ата Мекенди коргоочулар күнүн, Улуу Жеңиш майрамын, КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөн күнүн, Ооганстанда, Баткенде жана башка куралдуу кагылышууларда курман болгон аскер кызматчыларын эскерүү боюнча ар кандай иш-чараларга активдүү катышышат. Бул жааттагы аскердик спорттук мелдештер, турнирлер ар убак өткөрүлүп турат.
– Жаш уландарыбызды мекен чегин күзөтүүгө карата кандай даярдык, камылгалар менен тарбиялап, шыктандыруу керек? Маселен, жеке сиздер бул жагынан кандай ыкмаларды колдоносуздар?
– Биринчиден, аскердик чакырууга чейинки жаштарда жарандыкты, атуулдукту, рухий-адеп-ахлактык жана социалдык баалуулук катары өнүктүрүү керек. Аларда кесиптик маанилүү сапаттарды, коомдук турмуштун ар кайсы чөйрөлөрүндө, өзгөчө аскердик жана аны менен байланыштуу мамлекеттик кызматтын түрлөрүндө жөндөмдөрүн жана өзүн активдүү көрсөтүүгө даяр болуусун калыптандыруу дагы өтө маанилүү. Согуш жана тынчтык мезгилдериндеги шарттарда аскердик жана Конституциялык милдетке берилгендикти калыптандыруу, жогорку жоопкерчилик жана тартиптүүлүктү тарбиялоо, жаштарды аскердик-патриоттуулукка натыйжалуу тарбиялоо үчүн шарттарды түзүү боюнча илимий жактан негизделген башкаруу жана уюштуруу иштерин жүргүзүү башкы орунда туруусу зарыл. Ошондой эле атуулдук баалуулуктарды, көз караштарды, өз Ата Мекенинин маданий жана тарыхый баскан жолун сыйлоо, мамлекеттик жана өзгөчө аскердик кызматтын баркын көтөрүүнү жаштардын аң-сезимине, түшүнүгүнө бекемдөө бирден-бир милдетибиз. Жаштарды коомго жана мамлекетке татыктуу кызмат кылууга, кызматтык милдеттерин абийирдүүлүк менен так аткарууга, Ата Мекенге берилгендиктин оптималдуу шарттарын өнүктүрүүнү камсыз кылуучу аскердик-атуулдукка тарбиялоонун жаңы натыйжалуу системасын түзүү, Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскерлердин, аскердик түзүмдөрдүн жана органдардын катарында кызмат өтөп жаткан жаштарды аскердик атуулдукка тарбиялоону бирдиктүү система катары натыйжалуу жүргүзүлүшүн камсыз кылуучу механизмди түзүү учурдун талабы болуп эсептелет.
Мындан тышкары биздин коргонуу уюму башта айтканымдай, жаштарды аскердик-патриоттуулукка тарбиялоо боюнча билим берүү уюмдары, аскердик бөлүктөр, укук коргоо органдары, ардагерлер бирикмелери менен тыгыз кызматташууну жүргүзүп, татыктуу билим берүүгө бар аракетибизди жумшап келебиз.
Калыгул Бейшекеев