КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев: “ОБЛУСТУН БАШЫНА КЕЛИШИМ МЕН ҮЧҮН ДА КҮТҮҮСҮЗ БОЛДУ…”
Жакында жыйынтыкталган парламенттик шайлоодо жеңилүү ызасын тартканы менен эртеси ордолуу Ош облусун башкарууга ооматы оогон Аманкан Батырбекович менен телефон аркылуу байланышып, көпчүлүктү таңгалдырган карьералык жүрүшү тууралуу баарлаштык.
– Аманкан Батырбекович, жакында парламенттик жарыштан топ жарып чыга албаганыңыз менен эртеси ордолуу аймакка карьералык секирик жасап кеткениңизге көпчүлүк дагы деле таңдануусун жашыра элек. Алгач карьералык жүрүшүңүздү кеп кылбайлыбы? Күтүүсүз жүрүш жасап жатсаңыз, алдыга карай олуттуу программа менен деле келгенге жетишпедиңиз го, ээ?
– Ооба, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалганым мен үчүн да күтүүсүз болду. Шайлоонун эртеси Президенттик Администрацияга чакырышып, баскан жолумду баяндаган өмүр баяндык маалыматым менен таанышышкан соң өлкө Башчысына киргизишип, буйрук экен Ош облусуна иштөө үчүн жөнөтүлдүм. Ырас, мойнума жоопкерчиликтүү милдет тагылган соң облустун саясий, социалдык-экономикалык жагы, жалпы аймактагы абал менен жакындан таанышып, эл менен иштөөнүн үстүндө алпурушуп жатам. Облустагы жергиликтүү жетекчилер менен сүйлөшүп, эл аралап, кыскасы бир мүнөттү текке кетирбей, ушунча келген соң элибизге кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөтүү үчүн бар аракетимди көрүүдөмүн.
– Жалпы жонунан облустагы абал менен таанышыпсыз да. Алдыдагы Курултайга, арылатканда жазга карай камылга кандай экен?
– Азыр кыш чилдеге карай жергиликтүү элди көмүр менен камсыз кылуу мен келгиче 90%га чечилиптир. Ал эми оорукана, мектеп, бала бакча ж.б. социалдык имараттар 100% “кара алтын” менен камсыз кылыныптыр. Шайлоо өлкө аймагы боюнча тынч маанайда жыйынтыкталганын жакшы билесиздер да. Облустун аймагында деле бул жагынан абал ошондой. Ал эми IV Элдик Курултайга Ош облусуна бөлүнгөн квотага ылайык делегаттар шайланып, учурда бул жаатта календардык иш графикке ылайык бардык айыл аймактарда өкүлчүлүктүү жыйындар толугу менен өткөрүлүп, кеңештин токтомдору кабыл алыныптыр. Делегаттарды шайлоо, жалпы камылга жакшы деп айта алам. Ал эми жазга карай камылганы баштадык. Жаздын камылгасы кышта эле эмес, жылдын төрт мезгилинде тең күчүндө болушу керек деп эсептейм.
– Облуста кышкы туризмди жолго коюп, бул жагынан иш кылса болот бекен?
– Ноокат районунда “Кара-Кой” мамлекеттик паркында жалпы баасы 385 миллион сомду камтыган, жылдын 4 мезгилинде тең бардык шартта эс ала тургандай атайын жайды түзүү боюнча иштерди алып барып жатабыз. Облуста дал ошол сиздер атаган кышкы туризм боюнча жеке ишкерлер тарабынан да атайын өзүнчө иштер алып барылууда. Облустун бардык райондоруна инвесторлорду тартуу менен эс алуу жайларын курууга аракетибизди кылышыбыз керек экен. Менин көзүм жетти, Ош облусунда кышкы туризмди өнүктүрүүгө сонун шарттар каралыптыр. Сөздүн кыскасы, токтобойбуз. Ушунча келген соң иштейбиз, колдон келишинче элибиз үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрүбүздү жумшоого даярбыз.
Калыгул Бейшекеев
P.S. Аманкан Кенжебаев 1967-жылы Чүй облусунда туулган. Жергиликтүү жана Жогорку Кеңештин депутаты. Сокулук районунун 2 жолку акими. Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп иштеген. Кесиби зоотехник жана экономист.