КРнын Президенти Садыр Жапаров: “Баткен гүлдөсө – жалпы өлкө гүлдөйт! Баткен өнүксө – жалпы өлкө өнүгөт!”

25-март, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 55

Президент Садыр Жапаров эки күндүк иш сапары менен Баткен облусунда болуп, 20-мартта Лейлек районундагы Исфана шаарынын аталышын Раззаков шаары деп өзгөртүүгө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Ал: “2021-жылы 25-декабрда КРнын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоо, жарандарды руханий, адеп-ахлактык тарбиялоону жакшыртуу, кыргыз элинин чыгаан мамлекеттик жана саясий ишмери Исхак Раззаковдун ысымын түбөлүккө калтыруу максатында Жарлыгым чыккан. Анын негизинде Исфана шаарын Раззаков шаары деп кайра атоо жөнүндө мыйзам долбоору даярдалып, Жогорку Кеңеш бул демилгени 3 окууда жактырып, кабыл алып беришти. Мен бул мыйзамга сыймыктануу менен кол койдум. Бул шаар жеке эле Баткен аймагында эмес, жалпы республикабыздагы шаарларга тарбиялуу жаштары, билимдүү адистери, маданияттуу эли, жолго коюлган өндүрүшү менен үлгү боло турган өнүккөн шаарга айлансын! Түбөлүгү түз, берекелүү шаар болсун!” – деп жалпы журтту куттуктап, Раззаковдун басып өткөн жолуна токтолду. Андан соң улуу инсанга багышталып куран окулду.

***

“Жөнөкөйлүк адам көркү” демекчи, ушул эле күнү Мамлекет башчысы чек арага чектеш карапайым калкка дем-күч берип, сүмөлөк даярдоого катышты. Кадырлуу аксакалдар жана жергиликтүү жашоочулар менен баарлашты. Даярдалып жаткан сүмөлөктү аралаштырып “Оо, Жараткан! Элибизге кут, береке бере көр! Быйылкы түшүмүбүздүн ырыскысы мол болсун! Жерибиз, элибиз гүлдөп, өнүгүп өссүн! Эң негизгиси, жергебизде тынчтык болсун!” деген аруу тилектерин айтты. Ал эми аксакалдар Садыр Нургожоевичке бата беришип, өлкөгө өнүгүү, тынчтык тилешти.

***

Өлкө башчысы 21-мартта Баткен шаарынын борбордук стадионундагы Нооруз майрамына катышты. “Кыргыз күрөш” улуттук оюну боюнча финалдык беттешке күбө болуп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык тапшырды. Кол өнөрчүлөр аллеясы жана Баткен килемдери менен таанышып, 100 жыл мурда жасалган килемди сатып алды. Ата-бабалардын салтын улап, түнү менен бышырылган бир тонналык тай казандагы сүмөлөк ачылып, андан ооз тийди. Борбордук стадионго чогулган элди жана кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Президенттин “Баткен гүлдөсө – жалпы өлкө гүлдөйт! Баткен өнүксө — жалпы өлкө өнүгөт!” деген сөзү мен кыргызмын деген адамдын жүрөгүн жылытты. “Жакшы эли менен” деген сыңары, Мамлекет башчысынын кыргыздын касиеттүү майрамын Баткен эли менен тоскону жалпы журтту кубандырды.


“Кадам медиа” сайтынын башкы редактору Сайрагүл ДУУЛАТОВА:
“Тарыхый күн тартуулаган Президентке ыраазыбыз”

— Кандай кырдаал болбосун кооптонуу менен жашаган, чек арага чектеш элдин черин жазып, жакшы маанай тартуулоо Кудайга да жакса керек. Андыктан, Баткендин Исфана шаарын Раззаков шаары кылып өзгөртүүгө салым кошкон, Баткен элине майрамдык маанай тартуулоо максатында Ноорузду республикалык деңгээлде өткөрүү чечимин кабыл алган Президентибиз Садыр  Жапаровго Жараткан жар болсун! Баткенде кайнатылган 1 тонналык тай казандагы сүмөлөккө БИРИМДИКтин белгиси түштү. Ылайым элибизде биримдик, ынтымак жана бейпилдик болсун! Баткен элине тарыхый майрам, тарыхый күн тартуулаган Садыр Нургожоевичке терең ыраазычылык билдирем!


Баткен шаардык кеңешинин депутаты Канышай АШИМОВА:
“Тынчтык, биримдик байырлай берсин!”

— Мен БатМУнун “Ыйман” гимназиясынын окуу бөлүмүнүн башчысы, кыргыз тили жана адабияты мугалимимин. Байманалуу Баткен жергебизде тарыхый жана маданий чоң иш-чараларыбыз абдан сонун аяктап, санжыралуу Нооруз майрамы да өттү. Акыркы жылдары кыйын күндөрдү башынан өткөргөн элибиз Өлкө башчысынын өрүкзарлуу аймакка келүүсүнө кубанып, аны абдан күткөнүн борбордук аянтка агылган элдин көптүгүнөн көрө алдык. Өлкөнүн жети дубанынан, борбор калаадан келген конокторубузду Баткенден кезиктирип аябай кубандык. Элдин ынтымагы, биримдиги деп республикалык, облустук деңгээлдеги жетекчилердин, атайын убакыт таап келишкенине, белгилүү маданият кызматкерлеринин жөнөкөйлүгүнө ыраазы болдук. Эң башкысы — Баткен жергебизде тынчтык, өлкөбүздө ынтымак, биримдик байырлай берсин!


Баткен облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун медайымы Мээрим КУТУЕВА:
“Элдин демине-дем, күчүнө-күч кошту”

— Баткенде жаздын келиши менен Нооруз майрамы өтө жогорку деңгээлде өттү. Президент Садыр   Жапаровдун “Кыргызстан Баткенден башталат” деген сөзү майрамга келген элдин демине-дем, күчүнө-күч кошту. Акыркы кезде пандемия күч алып, тынымы жок эмгектенген ак халатчандар үчүн бул майрамдын республикалык деңгээлде өткөрүлүшү, Өлкө башчыбыздын облуска көңүл бөлүп келиши бизди шыктандырды. Ошондогу элдин кубанычын, маанайын сөз менен жеткирип бере албайм. Маданий оюн-зооктор, концерттик программалар жалпыбыздын маанайыбызды көтөрдү.


Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрынын актрисасы Чынайым САЙДУЛЛАЕВА:

“Келечектен үмүт артып, таасирлендим”

— Быйылкы Нооруз майрамы жүрөгүмдө калды. Биринчи жолу улуттук наркыбызды улап, Ажобуз катышкан иш-чарада “Алас, алас, алас! Ар балээден калас!” деген мааниси терең аластоо менен ак элечекчен эненин образын жараттым. Толкунданып, кубанып, келечектен көптү үмүт арттым. Таасирлендим. Президент Садыр Нургожоевичтин Баткен облусуна алтындай убактысын бөлгөнү, министрлерди баш кылып ээрчитип келип, элдин кубанычын тең бөлүшкөнү биз үчүн чоң сыймык.


Карабак айылдык кеңешинин депутаты, акын Бурмагүл ЖАМАЛОВА:
“Өзгөчө майрам болду”

— Баткен районунун Карабак айылынын тургунумун. Бул жылдагы Нооруз Баткен облусунун тарыхында өзгөчө мааниге ээ майрам болду. Мамлекет башчысы Жапаров Садыр Нургожоевичтин күн менен түн теңелген ыйык майрамда биздин облуска келгенин Баткенге кутту кошо ала келгендей кубанып кабыл алдык. Журт атасы катышкан Ноорузда биздин айыл аймак да боз үй тигип, улуттун улуугуна, ынтымагына, биримдигине дагы бир ирет чогуу күбө болдук. Бул бизге абдан дем-күч, кубат берди.


“Өрүкзар” гезитинин башкы редактору Диларрам ЭГЕМБЕРДИЕВА:
“Уюштуруучуларга алкыш”

— Баткенде Нооруз майрамы Президентибиз Садыр Жапаровдун, жети облустан келген коноктордун, чыгармачыл инсандардын, спорт чеберлеринин жана калың журттун катышуусунда өзгөчө шаң менен белгиленип, маданий да, тарыхый да чоң иш-чара болду. Дагы бир жакшы саамалык Исфана шаарына Исхак Раззаковдун ысымы берилип, тарыхый кадам жасалды. Калың элдин маанайын көтөрүп, борбордон келген жана жергиликтүү чыгармачыл инсандарга, уюштуруучуларга алкыш.

№28 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 25-марты
Жазгүл КАРБОСОВА

25-март, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 55
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X