Кубанычбек Бөкөнтаев: “Өткөн жылы инфляция басымын басаңдатууга жетише алдык”

15-февраль, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 38

Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев:

 Күндөлүк керектелүүчү товарларга жана продукцияларга болгон баалардын жогорулап кеткендиги эч кимге жашыруун эмес. Ошентсе да, баалардын кескин жогорулап кетишин ооздуктап, инфляциянын туруктуулугун сактоодо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өзүнө таандык ыйгарым укуктарынын негизинде иш-чараларды тынымсыз өткөрүп келүүдө. Өткөн жылдагы баалар, инфляциянын абалы кандай болгондугу тууралуу маалымат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаевге кайрылып, бир катар маанилүү суроолорго жооп алдык.

Кубанычбек Кеңешевич, алгач кепти өткөн жылдын жыйынтыгы тууралуу маалымат берүүдөн баштасак. Айтсаңыз, Улуттук банк 2021-жылды кандай көрсөткүчтөр менен жыйынтыктады?

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Министрлер Кабинети менен биргеликте 2021-жылы глобалдык инфляциялык оор кырдаалдын шартында өлкөдөгү баа туруктуулугун сактоого жетише алды. Алсак, 2021-жылы Улуттук банктын жүргүзгөн акча-кредит саясаты инфляциялык басымдын айрым бир бөлүгүн кармап турууга мүмкүндүк берди. Мисалы, 2021-жылдын декабрь айында баалар жылдык мааниде алганда 11,2 пайызга жогорулаган (2021-жылдын декабры/2020-жылдын декабры), ошол эле убакта 2019-2021-жылдардагы инфляциянын орточо жылдык көрсөткүчү 6,5 пайыздын айланасындагы деңгээлди сактаган болчу.

Улуттук банктын болжолдоолору боюнча орто мөөнөттүү келечекте Кыргыз Республикасында инфляция 5-7 пайыз максаттуу диапазондун чегинде калууда жана расмий документтерде белгиленген Улуттук банктын максаттарына дал келет.

Банк секторунун өнүгүшүндөгү оң көрсөткүчтөр сакталып калды. Алсак, кредиттик портфель 11,8 пайызга, банктардагы депозиттер 34,3 пайызга жогорулады. Кредит боюнча чендер төмөндөө тенденциясына ээ болду. 2021-жылдын январь-декабрь айларындагы улуттук валютада кайрадан берилген кредиттер боюнча орточо чен 2020-жылдын январь-декабрь айларына салыштырганда 0,4 п.п. га төмөндөө менен 16,6 пайызды түздү. Ал эми чет өлкөлүк валюта боюнча алганда чен 0,9 пайызга төмөндөө менен 7,8 пайызды түздү.

 Өлкөдө баалар күн санап өсүүдө, ал эми сомдун сатып алуу жөндөмдүүлүгү төмөндөөдө. Улуттук банк бул кырдаалга таасир этүү үчүн кандай иш-чараларды көрүп жатат?

Баалардын жогорулап жатышы бир жагынан глобалдык инфляциялык тенденциялар менен байланыштуу болсо, экинчи жагынан 2021-жылдын жаз-жай айларындагы аба ырайынын ыңгайсыз шарттары түшүм алууга терс таасирин тийгизип, айыл чарба продукцияларынын аз өндүрүлүшүнө алып келген ички рыноктук фактор да баалардын жогорулашына алып келди.

Эпидемиологиялык ыңгайсыз кырдаалдын сакталышына байланыштуу 2021-жыл өлкөдөгү ички экономикалык процесске, ошондой эле баа динамикасына тышкы чөйрөнүн олуттуу таасири тийип тургандыгы менен өзгөчөлөндү. Үстүбүздөгү жылы ар түрдүү монетардык эмес факторлор баанын динамикасына таасирин тийгизүүдө.

Мындай шартта Улуттук банк баа туруктуулугун сактоо боюнча акча-кредит саясатын жүргүзүп, бул багытта төмөндөгүдөй иш-чараларды аткарды:

  • Улуттук банк 2021-жылы дүйнөлүк товардык-чийки зат рыногундагы баалардын жогорулап жаткандыгын, анын  натыйжасында инфляциялык тобокелдиктердин басымдуу болуп бараткандыгын жана инфляциянын мындан ары да жогорулап кетүү коркунучун эске алуу менен негизги эсептик ченди этап-этабы менен 5,00 пайыздан 8,00 пайызга чейин жогорулатуу менен монетардык саясаттын катаал шарттарын сактады. Белгиленген саясаттын багытын улантып, 2022-жылдын 31-январында эсептик чен дагы бир ирет 8,50 пайызга чейин жогорулатылды;
  • акча-кредит саясатынын трансмиссиялык механизминин пайыздык каналын күчөтүү үчүн пайыздык каналдын чектери корректировкаланып турду;
  • инфляциялык басымды чектеп туруу максатында Улуттук банк ачык рынокто операцияларды жүргүзүү жана Улуттук банкка “овернайт” депозитине коммерциялык банктар бош ресурстарын жайгаштыруу аркылуу банк системасында ашыкча ликвиддүүлүктүн деңгээлин жөнгө салууну жүзөгө ашырды. Банк системасынан ашыкча ликвиддүүлүктү алып салуунун орточо күндүк көлөмү 2022-жылдын башынан тартып (31-январга карата) 28,2 миллиард сомду (2021-жылы – 18,0 миллиард сом болгон) түздү;
  • алмашуу курсунун кескин өзгөрүлүүсүн туруктуу абалга келтирүү максатында Улуттук банк ички валюта рыногуна чет өлкөлүк валюталарды сатуу боюнча операцияларды жүргүздү, анын көлөмү 2022-жылдын башынан тартып 2-февралына чейин 156,60 миллион АКШ долларын түздү (2021-жылы 736,95 миллион АКШ долларын түзгөн).

Улуттук банк инфляцияга таасир этүүчү ички жана тышкы факторлорго тынымсыз байкоо жүргүзүп, баалап турат жана экономикалык кырдаалга жараша баа туруктуулугун сактоо үчүн тийиштүү чараларды көрүп, анын карамагында болгон акча-кредиттик инструменттердин баарын колдоно тургандыгын баса белгилеп айткым келет.

Казакстан Республикасында болуп өткөн окуялар биздин өлкөнүн банк системасынын туруктуулугуна таасирин тийгиздиби? Биз үчүн кандай кооптуу жагдайлар болду?

Казакстан Республикасы соода кызматташтыгы жагынан алганда Кыргыз Республикасы үчүн эң жакын өнөктөш өлкө болуп саналат. Ошондуктан, Казакстанда болуп өткөн толкундоолордун натыйжасында чек арадагы контролдук-өткөрмө пункттарынын жабылышы биздин өлкөнүн социалдык-экономикалык туруктуулугу үчүн айрым бир тобокелдиктерди алып келери бышык болчу. Өткөнгө көз салсак, казак- кыргыз чек арасындагы өткөрмө пункттарды жапкан учурлар болгон. Анын кесепетинен кыйла зыян да тарттык. Анткени, Россиядан, Беларустан, Армениядан бизди көздөй, бизден аларды көздөй багытталган логистикалык маршруттардын баары Казакстан аркылуу өтөт. Демек, Казакстандын өткөрмө пункттарындагы чектөөлөр экспорт менен импорттун азаюусуна, импорттук товарлардын (анын ичинде эң маанилүү азык-түлүк продуктуларына) бааларынын жогорулашына, чек арада товарлардын кармалып туруусуна, ташып жеткирүүлөрдүн ыргагынын бузулуусуна, ишкерлердин зыян тартуусуна жана жалпысынан өлкөнүн экономикалык активдүүлүгүнүн басаңдашына алып келиши мүмкүн.

Казакстан Республикасында болуп өткөн акыркы окуялардын натыйжасында келип чыккан андагы саясий кырдаалга байланыштуу процесстердин Кыргыз Республикасынын банк системасына тийгизген терс таасири минималдуу.  Казакстандын провайдерлер магистралдык каналындагы байланыштын үзүлүп калгандыгына байланыштуу айрым коммерциялык банктардын интернет-банкингдеринде, банкоматтарында жана мобилдик тиркемелеринде пайда болгон кыйынчылыктар убактылуу мүнөзгө ээ болду.

Азыркы учурда өлкөдөгү коммерциялык банктардын баары штаттык режимде туруктуу иштеп жатат жана улуттук, эл аралык төлөм системалары боюнча кошо алганда кардарларга толук спектрдеги банк кызматтары көрсөтүлүүдө.

Белгилей кетсек, коңшу өлкөдө мындай кырдаал пайда боло электе эле Улуттук банктын демилгеси менен “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилген, ага ылайык коммерциялык банктар мамлекет ичиндеги төлөмдөр боюнча финансылык маалыматты чогултууну, иштеп чыгууну жана сактоону Кыргыз Республикасынын аймагында гана ишке ашырууга милдеттүү. Бул чаралар өлкөбүздөгү саясий тобокелдиктердин учурунда улуттук төлөм системасынын ишине таасирин азайтат жана эл аралык төлөм системаларынан көз карандылыкты жок кылат. Бул түзөтүүлөр 2024-жылдын 4-майынан тартып күчүнө кирет. Учурда Улуттук банк коммерциялык банктар жана «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК менен биргеликте бул багытта тийиштүү иштерди жүргүзүүдө.

Кыргыз Республикасынын алтын валюта резервинин көлөмү тууралуу айтып берсеңиз. Бүгүнкү күндө канча жана кандай курамдагы запаска ээбиз?

Эл аралык дүң резервдердин көлөмү 2022-жылдын башынан бери 215,9 миллион АКШ долларына же 7,3 пайызга кыскаруу менен 2022-жылдын 2-февралына карата алганда 2 миллиард 761,7 миллион сомду түздү жана бул сумма товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн импортунун келечектеги көлөмүнүн 5,7 айлык көлөмүн түзөт. Бул көлөмдөгү валюталык резервдер акча-кредиттик саясатты ийгиликтүү ишке ашыруу жана терс таасирлүү шокторду азайтууга көмөктөшүү менен туруктуу экономикалык өнүгүүгө өбөлгө болот.

2021-жылдын аягына карата эл аралык дүң резерв 2020-жылга салыштырганда 169,5 миллион АКШ долларына же 6,0 пайызга жогорулоо менен 2 миллиард 977,6 миллион АКШ долларын түзгөн.

2022-жылдын башынан бери төмөндөгү жагдайлар эл аралык камдардын көлөмүнө таасирин тийгизген: эл аралык камдарды тескөөдөн түшкөн кирешелер; эл аралык камдардын курамына кирген валюталардын алмашуу курстарынын өзгөрүүсү; баалуу металлдарга болгон баалардын өзгөрүүсү; Кыргызстандын ички рыногунда алтынды сатып алуу боюнча операциялар; Кыргыз Республикасынын тышкы милдеттенмелери боюнча төлөөлөр; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине түшкөн валюта каражаттары.

Эл аралык резервдин курамына төмөндөгүлөр кирет: алтын түрүндөгү активдер, өздөштүрүү атайын укугу жана чет өлкөлүк валюталар. Эл аралык резервдер портфели АКШ долларын, еврону, швейцария франкын, англиялык фунтту, австралиялык жана канадалык долларды, япон йенин, кытай юанын, сингапур долларын, корей вонун, ошондой эле орус рублин ичине камтыйт.

Улуттук банк Башкармалыгы тарабынан жакында бекитилген эсептик чендин өлчөмүнүн жогорулашы тууралуу айта кетсеңиз. Ал эмне менен байланыштуу болду?

Улуттук банк Башкармалыгы эсептик ченди 50 базистик пунктка 8,5 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алып, ал чечим 2022-жылдын 1-февралынан тартып күчүнө кирди.

Дүйнө жүзүндө товарларды жеткирүү туруктуу болбой, улам үзгүлтүккө учурашы менен бирге дүйнөлүк финансы рынокторунда ликвиддүүлүктүн өсүшү таасирин тийгизген, дүйнөлүк товардык-чийки зат рыногунда баалардын өсүшү улангандыктан, өлкөбүздө жана дүйнө жүзүндө инфляциялык басымдын жогору болушу сакталып турат. COVID-19 коронавирусунун омикрон-штаммынын жайылышынан улам дүйнөдө жана Кыргыз Республикасынын соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүндө иш жигердүүлүгүнүн калыбына келиши бир аз басаңдаганы белгилүү.

Өлкөбүздө экономикалык жигердүүлүк орточо деңгээлде калыбына келүүдө. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча реалдуу ИДӨнүн өсүшү 3,6 пайызды, «Кумтөр» алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда 3,9 пайызды түзгөн.  Негизинен кызмат көрсөтүү жана өнөр жай секторлорунан оң салым белгиленген. Ошол эле учурда айыл чарбасында жана курулушта өндүрүштүн кыскарышы экономиканы калыбына келтирүүдө ооздуктоочу фактор болуп калган.

2022-жылдын январь айында (21-январында) инфляция жылдык мааниде 11,1 пайызды түзгөн, жыл башынан бери баалар 0,9 пайызга өскөн. Баа динамикасына негизги басым дүйнөлүк азык-түлүк рынокторунда баалардын өсүшүнүн уланып жатышынан жана 2022-жылдын январында алкоголдук жана тамеки заттарына акциздердин пландалган жогорулашынан келип чыккан. Үстүбүздөгү жылы күйүүчү-майлоочу материалдарга баанын өсүшү инфляцияга кошумча салымын кошууда.

Учурда түптөлгөн жагдайда Улуттук банк акча-кредиттик шарттарды катаалдатуу жагында аракетин сактап турат. Мындай чечим Кыргыз Республикасында инфляциянын учурдагы динамикасына жана инфляциялык күтүүлөргө тышкы таасирлердин кесепетин минималдаштыруу максатында кабыл алынды.

Улуттук банк инфляцияга таасирин тийгизүүчү тышкы жана ички факторлорго үзгүлтүксүз баа берип турат жана экономикалык кырдаалга жараша акча-кредит саясаты боюнча тиешелүү чараларды көрөт.

Абдимухтар АБИЛОВ

 

 

 

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X