«Кудайберген» базарындагы ири өрттү өчүрүүгө ким тоскоол болду?

25-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 35
 Бишкектеги «Кудайберген» базарынан ири өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалын менен күрөшүүгө 12 бөлүм, ИИМден төрт экипаж жана «Бишкек тазалык» муниципалдык ишканасынан үч суу ташуучу унаа тартылып, саат 6:04тө чектөөгө алынган.
Жалпысынан унаа оңдогон жана унаа тетиктери сатылган жайдын 3000 чарчы метр аянты күйүп кеткен. Министрлик өрттү өчүрүүгө суу жеткирүү жана токтотулган унаалар тоскоолдук жаратканын кошумчалады.
25-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 35
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X