Кулубаев Грузия менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ТИМ башчыларынын жолугушуусуна катышты

23-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 171

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев грузин тараптын демилгеси менен Батуми шаарында өткөн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Грузиянын тышкы иштер министрлеринин биринчи жолугушуусуна катышты.

Саясий диалогго жана аймактык өз ара аракеттенүүгө, ошондой эле тармактык кызматташуунун келечеги менен артыкчылыктарына арналган эки сессиянын алкагында тышкы иштер ведомстволорунун жетекчилери саясий байланыштарды чыңдоо, соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү, транспорттук-логистикалык өз ара байланыштуулукту өнүктүрүү, энергетика, туризм жана гуманитардык байланыштар жаатындагы кызматташтыкты тереңдетүү жолдору боюнча пикир алышты.
Возможно, это изображение один или несколько человек, помост и текст
Министр Ж.Кулубаев өз сөздөрүндө мындай форматтагы жолугушуулар аймактык жана эл аралык актуалдуу маселелер боюнча позицияларды шайкеш келтирүүгө, ошондой эле биргелешкен иштин практикалык багыттарын аныктоого мүмкүндүк берерин белгиледи. Ал Борбордук Азия өлкөлөрү менен Грузиянын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү Азия менен Европанын ортосундагы байланыштардын өнүгүшүнө кошумча дем бере аларын баса белгиледи.
  Возможно, это изображение один или несколько человек и стол

Кыргыз тарап саясий диалогду тереңдетүү менен бирге конкреттүү тармактарда практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн да белгиледи. Биргелешкен аракеттерди соода-логистикалык каттамдарды диверсификациялоо, санариптик трансформация, инвестицияларды тартуу жана өнөр жай кооперациясы маселелерине топтоо сунушталды.

23-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 171
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X