Кумтөрдө 1996-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин, техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам 19 адам көз жумуп, 47 киши майып болгон. Бул тууралуу «Кумтөр» компаниясынын ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссиянын маалыматында жазылган.
Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында «Кумтөр» компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын маалыматы каралууда. Анын жүрүшүндө атайын даярдалган видеоролик көрсөтүлдү. Анда Кумтөр кениндеги адам өлүмүнө алып келген кырсыктар тууралуу айтылды.
«2002-жылы 8-июлда карьердин жээги урап, анын кесепетинен жергиликтүү кызматкер Алмаз Жакишов каза болгон. Анын денеси урандынын алдында калган.
2012-жылы кендин жанындагы Ара-Бел суусунан суу ичкен мал кырылган.
2013-жылы 3-майда Давыдов мөңгүсүндөгү төгүндүлөр бир суткада 5 метр жылып отуруп, өндүрүш жайлары, турак жай, трансформатор подстанциялары, жогорку чыңалуудагы электр мамылары кыйраган.
2019-жылы 1-декабрда Лысый суусунун аймагында төгүндүлөр көчүп, бир нече унааны басып калган. Ошондой эле мастер Өмүрбек Ишенбеков жана бульдозер айдоочусу Жолдош Жунушев дайынсыз жоголгон.
«Трагедиялуу 1998-жыл»: «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» жүк ташуучу унаасы жол кырсыкка учурап, анын кесепетинен 1740 кг цианид Барскоон суусуна төгүлгөн. Доогердин билдирүүсүнө караганда, кырсыктан кийин сууну хлор менен зыянсыздандырышкан жана жергиликтүү тургундар хлорго ууланышкан. Анын кесепетинен 2000дей киши жабыркап, 2 адам каза болгон. 17 миң киши медициналык жардам алган. Соттук териштирүү ушул күнгө чейин уланып келет», — деп айтылат видеороликте.