"Эркин-Тоо"

КУРГАК УЧУК ООРУСУ БАЛДАРДА БИЛИНБЕЙ ЭЛЕ ӨТҮШҮП КЕТИШИ МҮМКҮН

                                                                  24-март — Бүткүл дүйнөлүк кургак учуктан сактануу күнү

                   

                Кыргызстанда кургак учук оорусу коомдук саламаттыкты сактоонун олуттуу көйгөйлөрүнүн бири. Бул оорунун жайылуусу же азаюу деңгээли негизинен ар кандай факторлорго, анын ичинде аймактардагы социалдык-экономикалык көйгөйлөргө, айрым учурларда сапаттуу медициналык тейлөөнүн жетишсиздигине байланыштуу десек болот. Албетте, ооруга чалдыкпоо же өз ден соолугуна аяр мамиле жасоо биринчи кезекте ар бир адамдын жеке жоопкерчилигине да байланыштуу маселе. Себеби айрым учурларда кургак учук оорусуна чалдыккан адамдар салттуу медицинага караганда элдик дарыгерликке ыктап, же өз алдынча сакаюунун ар кандай аракеттерин корүп жүрүп убакыттан уттуруп жиберген учурлары кездешет. Ар бир оору, анын ичинде өзгочо кургак учук оорусунун айыгуусу убакыттан көз каранды. Мумкүн болушунча эрте, өз учурунан кечиктирбей профилактикалык иштерди жасап, дарылууну баштоо шарт.

Учурда кургак учук оорусу менен күрөшүү боюнча ар кандай программалар түзүлүп, анын ичинде бул ооруну бекер дарылоо, ага карата атайын медициналык кызматкерлерди окутуу, оорунун алдын алуу жана оорудан натыйжалуу айыгуу боюнча журналисттердин катышуусу менен пресс-жыйындар өтүлүп келет. Мына ушундай иш-чаралардын бири 12-мартта “Европа” конок үйүнүн конференц-залында болуп өттү. Иш-чара Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Улуттук физиатрия борбору тарабынан USAIDдин “Кургак учукту айыктыруу” долбоорунун колдоосу менен өттү. Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүн утурлап кургак учукту аныктоонун, дарылоонун жана алдын алуунун, ошондой эле бул оорудан жабыркаган адамдарга колдоо көрсөтүүнүн актуалдуу маселелери боюнча талкуулар жүрүп, катышуучулар тарабынан мыкты сунуш-пикирлер айтылды. Пресс-жыйында журналисттер кургак учук боюнча эксперттер жана адистер менен бир жерден жолугуп, бул оору тууралуу толук маалымат алууга жакшы мүмкүнчүлүк алышты. Жыйынга КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Улуттук фтизиатрия борборунун, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин өкүлдөрү, саламаттыкты сактоо уюмдарынын адистери, USAIDдин “Кургак учукту айыктыруу” долбоорунун жана бул тармакта иштеген бейөкмөт уюмдардын (Улуттук Кызыл Ай Коому, Кыргызстан айылдык ден соолук комитеттеринин ассоциациясы) адистери катышты. Алардан сырткары кургак учуктан өздөрү айыгып, учурда башка бейтаптарга колдоо көрсөтүп жаткан адамдар да катышып, ой бөлүштү.

Биз иш-чаранын катышуучуларынын айрымдары менен медициналык билимди жана маалымдуулукту жакшыртуу, дарылоону жеткиликтүү уюштуруу, кургак учуктун жайылышын азайтуу жана башка багыттарда кыскача маепктештик.

ӨМҮРЖАНОВА Айнагүл, Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адиси:

Кургак учук жөнүндө дайыма эскертип туруу маанилүү. Себеби бүгүнкү күндө бул өтө актуалдуу маселе. Өзгөчө ковидден кийин кургак учук оорусунун жайылуу деңгээли да жогорулап кетти. Бугүнкү күндө ар бирибиз аталган оорунун адамдан адамга кандай жолдор менен жуга тургандыгын жатка билишиз керек. Адегенде эле бул оору аба аркылуу жугат. Себеби, каалайбызбы же каалабайбызбы баарыбыз бир аба менен дем алабыз. Адамда бул оорунун алгачкы белгилери пайда боло баштаганда эч кечиктирбей дарыгерлерге кайрылуусу керек. Баарыбыз билебиз, кургак учуктан айыгуу узак убакытты талап кылган процесс. Дарыгерге барбай журө берүүдөн – оорунун айыкпай турган деңгээлге жетиши күтүлөт. Кургак учук менен жабыркаган адамдарга айланасындагы жакын адамдары, жалпы эле коомчулук моралдык колдоо көрсөтүү менен мамиле жасашы шарт. Себеби кургак учукка каршы ичилүүчү дары каражаттары адамдын психикасына жана жалпы эле организмине өтө жагымсыз таасирлерди берүү менен коштолуп, бул оорунун түрүнө карата жарым жылдан эки жылга чейин созулат.

Борборубуздагы №4 Үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун балдар дарыгери, педиатр Анеля КОСИКОВА:

Кургак учук оорусу балдарда чоң кишилерден айырмаланып эч кандай симптомдорго ээ болбой өтүшүп кетет. Мисалы чоң адамдарга жукса алгач жөтөл, көкүрөктүн оорусу сыяктуу симптомдор менен билинет. Кичинекей балдарда бул көрүнүштөр байкалбайт. Аларда тамакка табиттин жоголуусу, арыктоо, боюнун өспөй калышы, сабакка көңүлүнүн жоктугу, кечинде дене табынын жогорулашы менен байкалат. Ошондуктан көпчүлүк ата-энелер бул белгилерден кургак учук оорусун байкай алышпай өткөрүп жиберишет. Көп учурда кургак учук оорусу башка оорулардын белгилери менен байкала. Негизинен балдарга кургак учук оорусу ушул оору менен ооруган чоң адамдар менен болгон байланыштан көп жугат. Балдардан кургак учук оорусун аныктоо оңой эмес, ошондуктан диагнозду коюу үчүн кошумча изилдөөлөр керектелет, өпкөсүн компьютердик томограмма аркылуу текшерүугө туура келет жана бала менен кунүмдүк турмушта алакада болгон бардык адамдардын ден соолугу тууралуу толук маалымат алууга туура келет.

Бишкек шаарынын №9 Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун директорунун орун басары Лира Жайлообаева:

— Кургак учук оорусун өз убагында аныктоо отө маанилүү. Мурда эки жумадан ашык жөтөлгөндөрдү дароо кургак учукту аныктоо үчүн диагностикалык борборлорго текшерүүгө жиберет элек. Азыр бизге кабыл алууга келишкенде эки жума кутпөй эле, оорулуунун жалпы абалында оорунун симптомдору байкалар замат анализ алып, микроскопия жасайбыз. Андан соң атайын кургак учукту аныктоо институтуна алынган анализди текшерүүгө жөнөтөбүз. Канча эрте аныкталса ошончо жеңил. Ал эми кичинекей балдарды атайын балдарга арналган кургак учукту аныктоочу тест менен текшеребиз.

 

                                                                                           Махабат САИДРАХМАНОВА

№22 «Эркин-Тоо» гезити

2024-жылдын 19-марты

 

 

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!