"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

КУРУЛТАЙДА МАСШТАБДУУ МАСЕЛЕЛЕР КӨТӨРҮЛҮШҮ КЕРЕК

Келерки жумада IV Элдик Курултай болот. Баарыбыз күбө болгондой, Элдик Курултай жогорку трибунада элдин үнүн чагылдырган, улуттук биримдикти жана жарандык жоопкерчиликти бекемдеген ири форумга айланды. Ошондой эле бийликтин эл алдында жоопкерчилигин күчөтүүчү, коомдун маанилүү көйгөйлөрүн түздөн-түз жеткирүүчү механизмдин негизин түздү. Кыска аралыкта коомдун үнүн угууга багытталган платформага айланып, аймактардагы социалдык-экономикалык жана саясий маселелер мамлекеттик деңгээлде талкууланууда.

2024-жылы өткөн III Элдик Курултайда өлкөнүн коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланыштуу бир катар маанилүү маселелер көтөрүлгөн. Курултайдын делегаттары көбүнчө аймактардагы социалдык көйгөйлөрдү түздөн-түз жогорку бийликке жеткирүү менен маселелерди чечип берүүнү өтүнүшкөн. Жыйынтыгында аймактарды өнүктүрүү, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарын жакшыртуу, коррупцияга каршы күрөшүү жана курулушту күчтөндүрүү сыяктуу тармактар артыкчылыктуу багыт катары аныкталган. III Элдик Курултайда стратегиялык маселелерге басым жасалары айтылганы менен социалдык маселелер менен кайрылгандар арбын болгон. Бул көйгөйлөр тиешелүү министрликтердин иш планына киргизилип, 2025-жылдын ичинде бийлик тарабынан бул багытта бир катар иштер аткарылууда.

Эки маселеге токтолуп кетсек, аймактардагы мектеп, бала бакча жетишсиздиги көйгөйү көтөрүлгөн. Быйыл августка карата 115 социалдык объектинин курулушу жана капиталдык оңдоо иштери аяктаган. Алардын арасында 63 мектеп, 19 бала бакча курулган. Мындан сырткары, 2025-жылдын соңуна чейин дагы 100дөй социалдык
объектини пайдаланууга берүү пландалууда. Ал эми жол куруу боюнча Транспорт жана коммуникациялар министрлиги рекорддук көрсөткүч жаратып, 2024-жылы жолго асфальт төшөө көрсөткүчү 802 километрди түзсө, быйыл жаңы салынып, асфальтталган жолдор 1200 чакырымдан ашкандыгын билдирди. Мунун ичинде курултайдагы кайрылууларда айтылган жолдор да камтылган. Мисалы, курултайда көтөрүлгөн, Жаңы-Арык – Кызыл-Суу жолунун 8 чакырымы асфальтталды. Бишкек–Кант–Токмок унаа жолунда асфальттын биринчи катмарын төшөө иштери жыйынтыкталды.

Өткөн аптада Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги отуруму болуп, аны жаңы дайындалган Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев өзү жетектеди. Талкууга курултайды уюштуруу комитетинин мүчөлөрү менен бирге онлайн аркылуу Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү да катышты. Аталган отурумда IV Элдик Курултайды өткөрүүгө карата аткарылып жаткан иштер, даярдыктар боюнча төрт маселе каралып, анын арасында курултайдын программасы талкууланды. Курултайда шайланган өкүлдөр алдын ала өз жыйындарын өткөрүп, Улуттук кеңештин төрагасын жана эки орун басарын шайлайт. Алар Элдик Курултайдын жалпы жыйынында бекитилет.

Программада президенттин кайрылуусу, андан кийин Жогорку Кеңештин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын баяндамасы камтылган. Президенттин кайрылуусунда Кыргызстандын, жалпы коомчулуктун ички жана тышкы саясаты жөнүндө кеңири маселе көтөрүлөт. Ал эми Министрлер Кабинетинин Төрагасынын баяндамасында дагы чоң маселелер ортого салынып, талкууга коюлушу күтүлүүдө. МинКаб Төрагасынын баяндамасында III Элдик Курултайда көтөрүлгөн маселелердин аткарылышы тууралуу маалымат берилип, II, III курултайда айтылган сунуштардын аткарылышы, азыркы учурдагы абалы боюнча баяндама-билдирүү болот. Курултайда түшкөн сунуштар, алардын чечилиши, аткарылыш этабы тууралуу жыйынтыктар Төраганын билдирүүсүндө белгиленмекчи.

Баарыбыз билгендей коомчулук курултайда масштабдуу маселелер көтөрүлсө деп турат. Делегаттар буга чейинкидей бала бакча, мектеп, жол ж.б. айтып майдаланбай, өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган ири программалар, стратегиялык документтер менен байланышкан сунуш-пикирлерди берип, келечекти аныктай турган орчундуу темалар боюнча сүйлөсө дешүүдө. IV Элдик Курултайда мамлекет кайда баратат, биздин тагдыр кандай болот, дүйнөлүк коомчулуктагы ордубузду кантип табабыз деген маселелер жөнүндө талкуу жүрсө дегендер бар. Айтор, майда-чүйдөдөн өйдөрөөк көтөрүлүп, жогорку деңгээлдеги сөздөр айтылса деп турушат. Анткени, бийлик акыркы жылдары жигердүү иштеп, 30 жылдан бери чоң көйгөйгө айланган маселелердин көбүн чечти. Аны кайталай берүүнүн кажети жок. Эми жогору карай көтөрүлө беришибиз керек.

Саясат таануу илимдеринин доктору, профессор Жолборс Жоробеков мамлекеттик деңгээлдеги бийик маселелер көтөрүлсө деген тилек менен отурат.

– IV Элдик Курултайга аз гана убакыт калды. Бул курултай буга чейинки курултайларга караганда башка болот го деп турам. Анткени, азыр баланча жерде мектеп же бала бакча жок, түкүнчө жерде жол салынбай калды, суу келбей жатат деген өңдүү маселелер көтөрүлбөйт деп эсептейм. Себеби, аталган көйгөйлөр учурунда болгон, алардын баары бийликтин жигердүү аракеттеринин аркасында биринин артынан экинчиси каз-катары менен чечилип жатат. Бул сапар мамлекеттин багыты, орду кандай болору тууралуу бийик маселелер көтөрүлөт деп ойлойм. Кечээки өткөрүлгөн шайлоонун жүрүшү, анын түзүмү, жакшыртуу багытындагы жол-жоболору боюнча дагы изги сунуштар берилет деп эсептейм. Кыскасы, биз өзүбүздүн жолубузду табышыбыз керек.

Тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеров IV Элдик Курултайда социалдык маселелерди эмес, жалпы коомду түйшөлткөн көйгөйлөрдү көтөрүүгө чакырды.

– Курултай жашоо турмушубуздагы терс көрүнүштөрдү жоё турган институт болушу керек. Мисалы, балдарга жана аялдарга карата зомбулук, билим берүүнүн деңгээли жана башка ушуга окшогон келечектүү маселелер курултайда көтөрүлүп, талкууланышы керек. Анткени, азыр аймактарда билим берүүнүн сапаты төмөн, мугалимдер жетишсиз деген пикирлер көп айтылууда. Баары эле чыгып өз көйгөйлөрүн айтып кете беришпей, орчундуу коомдун көйгөйүнүн тегерегинде талкуу болушу шарт. Биз курултайды нукура элдик, коомдун маселелерин көтөрө турган бир институтка айландырышыбыз керек.

Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин мүчөсү Абдрахман Алымбаев делегаттар улуттун жыйынынын өкүлү катары мамлекеттин, улуттун деңгээлиндеги маселелерди көтөрүүлөрү зарыл деп эсептейт. “Уңгу жол” программасына байланышкан салт, нарк, руханий тарбиялоо багытындагы маселелерди көтөрсө деген тилегин билдирди.

– Делегаттар менен жолугушуу учурунда “Бүт эле айылдын көйгөйүн көтөрүп жатасыңар деген айыптар тагылып жатат, биз ал жерге барып айылыбыздын көйгөйүнөн башка дагы эмнени сүйлөйбүз? деген суроо беришти. Мисалы, жооп катары “Уңгу жол” программасына жергиликтүү көйгөйдү байлап, байланыштырып айтып чыккыла дедим. Салт, нарк, руханий тарбиялоо деген абдан көп ири маселелер бар. Делегат кайсы темада сүйлөсө да маанилүү программалар, стратегиялык документтер менен байланыштырып көйгөйүн көтөрсө жакшы болмок. Анткени, алар айылдардан шайланып барганы менен улуттун жыйынынын делегаты катары бара жатышат. Ошондуктан мамлекеттин, улуттун деңгээлиндеги маселелерди көтөрүүлөрү зарыл.

Эскерте кетсек, IV Элдик Курултайга шайланган делегаттардын ичинен эле Улуттук кеңешке өкүлдөр шайланды. 25-декабрда Улуттук кеңештин 17 мүчөсү өздөрүнүн ичинен төрага шайлашат. Буга чейин курултайга 231 айыл аймактан жана 33 шаардан жалпы 700 делегат шайланган. Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, быйыл IV Элдик Курултай 25-26-декабрда Бишкек шаарында өтөт.

Зулпукаар Сапанов