Курулуш министрлигинде кадрдык дайындоо болду
Сагынбек уулу Нурбек Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, тиешелүү буйрукка министр Нурдан Орунтаев кол койгон.
Сагынбек уулу Нурбек буга чейин Инженердик изилдөөлөр департаментинин директорунун орун басары болуп иштеген.