Курулуш тармагындагы кызматтарга онлайн арыз берүүгө болот
Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун кызматтарын эми онлайн пайдаланууга болот.
Бул үчүн жарандар жана тиешелүү уюмдар https://gissip.bb.kg/ сайты аркылуу төмөнкү кызматтарга арыз бере алышат:
-
инженердик текшерүү жүргүзүү;
-
техникалык корутунду алуу;
-
атайын техникалык шарттарды алуу;
-
лабораториялык сыноолорду жүргүзүү;
-
техникалык шарттарды алуу;
-
курулуш тармагындагы уюмдун стандартын алуу.
Онлайн кызмат көрсөтүү арыз берүү жараянын жеңилдетип, убакытты үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.
Кошумча маалымат алуу үчүн 0995 95 96 87 номерине байланышууга болот.