“Кыйын убакта экономиканы саздан сууруган жетекчи болду»

17-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 26

Жаңыдан башталган иш жуманын эң орчундуу жаңылыгы болуп КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы – КР Президентинин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровдун кызматынан кетиши болду. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык Жапаров Акылбек Үсөнбекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Көпчүлүк үчүн күтүүсүз жаңылыктан соң биз “Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров 3 жылдан ашуун ишмердүүлүгүндө кандай иштеди?” – деген собол менен коомчулук көзүндөгү аттуу-баштуу инсандарга кайрылдык.

Жогорку Кеңештин депутаты Замирбек Мамасадыков:

“Экономикалык ынанымдуу программалары менен эсте калды”

— Ачыгын айтканда Акылбек Жапаровдун өкмөт башчы катары 3 жылдан ашуун эмгегине ичим жылып, көңүлүм көлкүдү десем болот. Эсеп-сандарды келтирип, майдаланбай, ток этерин айтканда ал Министрлер Кабинетинин Төрагалыгына кыйын кырдаалдарда келип, сазга баткан экономиканы кадимкидей сууруп чыкты. Өлкө башчысы жана Жогорку Кеңештин депутаттары менен эпчилдигин көрсөтүп иштеше алды. Мамлекеттик казынанын көлөмүн буга чейин болуп көрбөгөндөй көлөмдө көтөрдү. Салык саясаты боюнча бир топ иштерди аткарды. Албетте, кемчиликтери да болду. Бирок, анча-мынчаны эске албаганда анын ишмердүүлүгүндө кемчилигине караганда ийгиликтери арбын болду. Мамлекетке жакшы кызмат кылды. Экономикалык жактан реалдуу сунуштар менен идеяларды иш жүзүнө ашыра алды. Айлык акылардын, пенсиялардын көтөрүлүшү жагынан чоң жумуштарды аткарды. Ким кандай дебесин, ал эгемендүү өлкөбүздүн тарыхындагы жер жайнаган өкмөт башчылардан иштесе болоорлугу менен айырмаланды. Эл өкүлү катары Акылбек Жапаровдун экономикалык ынанымдуу программалары менен кабардар болуп, жакындан билип турдум. Анын элге, журтка жасаган эмгектерине мезгил, убакыт өткөн сайын баа берилет. Өзүнүн идеяга бай, ар тараптуу, энергиялуу, мол тажрыйбасы менен мамлекетибизге дагы да кызмат кылып беришине тилектешпиз. Биз кыргыздын мындай кыйындарын убагында баалашыбыз керек.

Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекова:

“Акылбек Жапаровдун ишине бир беткей мактоо айтылбайт”

— Ачык айтканда өлкөбүздүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрү Акылбек Жапаров өкмөттү жетектеген 2-3 жыл аралыгында мыкты өсүү деңгээлин көргөздү. Мен буга чейинки чакырылыштын депутаты катары ар жылы республикалык бюджетти бекиткен учурларды эске салгым келет. Ошол учурлардагы кайсы өкмөт болбосун ар дайым экономикалык өсүштү пландоодо өсүү болоорун болжолдоп, элди ишендирүүгө аракет жасап келген. Тилекке каршы, жылдын жыйынтыгында болжолдонгон көрсөткүчтөргө жетпей, бюджеттин таңкыстыгы көп көлөмдө болуп, тартыштыктар болуп келгендиги анык. Ошондон улам көпчүлүктүн ишенбөөчүлүгү жаралып келген. Кудайга шүгүр, мамлекеттик казынанын көлөмүнө карата элдин ишенбөөчүлүгү жоголду. Бул жагына Акылбек Жапаровдун салымы бар десек болот. Анын ишине карата бир беткей мактоо гана айтылат дегенден алысмын. Кемчиликтер да болду. Өзгөчө салык саясаты жагынан анын ишмердүүлүгүнө байма-бай сындар айтылып турду. Андай сындардан көп убакта жыйынтык чыгаргысы келбегендей сезилет. Жалпы жонунан жаман эмес иштеди. Күчтүү кадрлар эч качан жерде калган эмес. Бул киши деле мамлекетке кайрадан кызмат кылса керек.

Президенттин Талас облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакыт Нарбеков:

“Анын аракети менен өлкөдө экономикалык туруктуулук камсыз болду”

— Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин Төрагасы катары Кыргызстанда бюджеттин кирешесин көбөйтүү үчүн бир катар стратегияларды ишке ашырды. Анын өкмөтү негизинен салыктык реформаларды жана экономикалык оптимизацияны жүргүзүп, бюджеттин кирешесин жогорулатууга мүмкүнчүлүк түздү. Акылбек Жапаровдун негизги иш-аракеттери жана бюджеттин кирешесинин өсүшүнө алып келген кадамдары: Биринчиден, салык системасын санариптештирүү. Жапаровдун өкмөтү салык системасын санариптештирүү жана салыктык башкарууну оптималдаштырууга чоң басым жасады. Бул чаралар салыктык оңдоону жана салык төккөн жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү көздөгөн. Экинчиси, электрондук салык системасы. Өкмөт электрондук салык системасын киргизип, салык төккөн жарандарга жана ишкерлерге ыңгайлуулук түздү. Бул салыктарды төгүүнү жеңилдетип, салыктык негиздерди санариптик форматка өткөрүү аркылуу коррупцияны азайтууга жана салыктык базаны кеңейтүүгө жардам берди. Акылбек Жапаровдун өкмөтү салыктык реформаларды ишке ашырып, бизнес чөйрөсүндөгү шарттарды жакшыртып, өлкөгө инвестиция тартуу аркылуу бюджеттин кирешесин жогорулатууга жетишти. Анын жүргүзгөн иштери аркылуу Кыргызстанда салыктык негиздер кеңейип, экономикалык туруктуулук камсыз болду, бул өз кезегинде бюджетке кошумча каражаттарды алып келди.

Токмок шаарынын мурдагы мэри Урмат Самаев:

“Анын акылга бай энергиясын дагы пайдаланышыбыз керек”

— Акылбек Үсөнбекович эң ириде Кыргызстанда экономикалык чоң секирик жасаган, билими менен иши айкалышкан чыныгы адис экенин далилдей алды. Ал эгемендүү өлкөбүздүн тарыхында эң эффективдүү өкмөт башчынын бири катары жазылаары турган иш. Иш билгилиги менен мамлекеттик бюджетти арбытып, өлкөбүздү кубаттандырууга чоң салымын кошту. Карагылачы, азыр канчалаган ишканалар, экономикалык чоң-чоң долбоорлор ачылып жатат? Алар толук кандуу иштеп баштаса, эсептик көрсөткүчтөр дагы 1-2%га көбөйүшү мүмкүн болчу. Буга чейинки өкмөттөр: “Бюджет жол бербейт, казынада акча жок” деп жоктон башканы сүйлөбөй, ооздорун куу чөп менен аарчып гана турушчу. Азыр “каражат бар, курабыз, салабыз, идея анан долбоор болсо акча беребиз” деп жатышат. Каражаттар да көп күттүрбөй бөлүнүп жатат. Бул жагынан Акылбек Үсөнбекович мыкты иштерди аркалады. Дагы иштеп турса бир катар өзгөрүүлөргө, өзгөчө экономикалык секириктерге жол ачылмак. Эсеп-чотту жаңылбай жатка каккан, бирди-экиге курап, жоктон бар кылган мындай күчтүү адис биздин мамлекетибиз үчүн дагы да керек. Экономика илимдеринин доктору, өкмөттүн башчысы катары теория менен практиканы кыргыз кыртышында эпчилдик менен айкалыштырган эмгеги менен тарыхта калат. Кыргыздын “атаң алтымышка чыкканда, алдап-соолап күчүн ал” дегендей, биз анын дагы деле болсо күчүн, бай тажрыйбасын пайдаланып калсак эч уттурбайбыз.

 

Калыгул Бейшекеев

17-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 26
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X