Кылымдар кыйырындагы кыргыз этноними
Кыргыз этнониминин тарых барактарында алгачкы жолу качан жана кантип аталып айтылганы тууралуу окумуштуулар, тарыхчылар арасында азырга чейин бирдиктүү орток пикир жок. Эми бул маселени УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев фейсбуктагы баракчасына атайын пост жазып, кайрадан коомчулуктун назарына койду:
“Урматтуу мекендештер!
Менин сиздерге кайрылуума бир олуттуу маселе себеп болуп жатат. Кечээ алыскы бир мамлекетте жумуш менен жүрсөм, ал жакта менден сурап калышты: «Кыргыз деген кайдан келип чыккан, биздин билишибизче кыргыздар айтат бул – кырк кыз деген сөздөн чыккан деп, ушул чынбы?» деп. Мен айттым «Кыргыз деген сөз, кырылгыс, түгөнгүс, анан Кыргыз деп аталып калган деп». Эмне үчүн мен муну айтып жатам, себеби биз кыргыздар өзүбүз Кыргыз деген сөздү туура чечмелегенди, башкаларга түшүндүрүп берүүнү үйрөнүп, билип алышыбыз керек, ар бир Кыргыз мына ушуну сөзсүз билишибиз керек, бул биздин тарых жана келечек! Ал эми тарыхчыларыбыз да туура түшүндүрүп берет деген ойдомун”.
Бул чындыгында эле өтө олуттуу маселе. Генералдын пикири дале болсо казылбай дың боюнча жаткан том-том тарых барактарын кайрадан казып изилдөөгө, талаш пикирлерге тактоо киргизүүгө шарт түзчүдөй. Анан калса “калем менен жазылганды балта менен өчүрө албайсың” дегендей бул маанилүү башталышты гезит бетине алып чыгып, жарыялап турууну ылайык көрдүк. Маалымат таратууда интернет булактары, албетте, жакшы, бирок анын өчпөй сакталып калышы күмөн жаратат. Ошондуктан “Эркин-Тоо” газетасы мекенчил генерал Камчыбек Ташиевдин бул демилге-сунушун кош колдоп кубаттайт жана мындан ары өз беттеринде тарыхчылардын, жалпы эле окурмандардын омоктуу ойлорун жарыялап турмакчы жана окумуштууларды, жалпы эле гезит окурмандарын талкуу ордосуна катышууга чакырат.
Кыргыз таануу илиминде кыргыздардын тарыхта эскерилиш датасы катары хундардын юэчжилерди жеңгенден кийинки убакыт гана эске алынып, Модэ шаньюйдун Кытайга жасаган б.з.ч. 201-жылкы жортуул мезгилине чейинки окуялар тарыхчы адистердин көз жаздымында калып келет. Анткени, дал ушул аралыкта кыргыздардын аты айтылат. Кыргыз тарыхнаамасында кыргыздардын тарыхта алгачкы эскерилиш датасы катары б.з.ч. 201-жыл эсептелинет. Модэ шаньюйдун өлкөнүн түндүк тарабында жашаган элдерди жеңгени туурасындагы маалымат синолог адистер тарабынан ар түрдүүчө которулган. “Кытай тарыхынын атасы” аталган Сыма Цяндын «Ши цзи» котормосунда: «Андан кийин түндүктөгү хуньюй, цюйшэ, динлин, гэкунь (кыргыздарды) жана синьли урууларын баш ийдирген.Ошондон баштап Модэге баш ийишип, аны акылман өкүмдар катары таанышкан». В.С. Таскин которгон материалда: «Кийинчерээк, Модэ качан түндүк тараптан хуньюйларды, цюйшэ, динлиндерди, гэкуньдарды (кыргыздарды) жана синьли ээликтерин багындырганда сюннулардын бардык ак сөөк адамдары, кызматкерлери ага моюн сунушуп, Модэ шаньюйду акылман деп эсептей башташкан». Ал эми Н.Я. Бичуриндин котормосунда айтылган окуянын баяндоо нугу тескериче өңүт алган: «…Натыйжасында алар түндүктө Хуньюй, Кюеше, Динлин, Гэгунь (кыргыздарды) жана Цайлилердин ээликтерин жеңип; ошондуктан аксакалдар менен атка минерлер Маодунь шаньюйга баш ийишип, анын акылмандыгын таанышкан». Де Грооттун котормосунда «Андан кийин ал түндүк багытына бурулуп хунью, кутша, тинлинг, кик-кун (кыргыздарды) жана си-ли падышачылыктарын басып алды. Анын карамагындагы ак сөөктөр жана кызматкерлер Мотунга моюн сунушуп, анын бийлигин таанышкан» деп баяндалат. Модэ шаньюйдун түндүк жортуулу туурасындагы Бань Гунун «Хань шу» жазма булагында камтылган маалыматты А.Г. Малявкин мындайча которгон: «Андан соң Модэ түндүктө Хуньюй, Цюйшэ, Динлин, Гэгуньлун (кыргыздарды) жана Синли мамлекеттерин баш ийдирди». Андан кийинки мезгилге таандык «Вэй лио» жазма булагында «Мындан тышкары хуннулардан түндүгүрөөк Хуньюй, Цюйше, Динлин, Гэгунь, Синьли мамлекеттери бар” экендиги маалымдалат.
Жазма булак маалыматтары көрсөткөндөй, кыргыздардын тарыхта алгач катталыш датасы б.з.ч 201-жылга туш келе бербейт. Бул датага белгилүү чыгыш таануучу, илимпоз А. Н. Бернштам биринчилерден болуп күмөн саноо менен караган. А.Н. Бернштам кыргыз этнониминин алгачкы аталышын б.з. 201-жылы эмес, 209-жылы деп айтуу туура болорун эскерткен. Кыргыз этнониминин б.з.ч. 201-жылдан мурда, тактап айтканда б.з.ч. 203-202-жж. эскерилгендигин жактап келген авторлордун бири С.Г. Кляшторный болгон. Ал кыргыздардын алгачкы отурукташкан жерин жогорку Енисей аймагы деп эсептеген. Ал эми Л.А.Боровкова Модэ шаньюйдун түндүк урууларын жеңиши б.з.ч. 202 – 201-жж. болгондугун жазган. Мезгилдик жактан кийинки окуяларды баяндаган «Хань шу» жазма булагында цзяньгунь (гэкуньдардын) кыргыздардын жайгашкан жери аныкталгандыгын билүүгө болот. Ошондуктан Сыма Цяндын жана андан кийинки кытай авторлорунун маалыматтарындагы фактылардын негизинде бул окуя б.з.ч. 203 же 202-жылдар арасында болгондугу эске алынышы керек. Кытай жазма булактарында гэкунь, гэгунь формасында жазылган терминдин транслитерациясы кыргыз этноними экендиги бардык белгилүү синологдор тарабынан кабыл алынып, далилденген.
Кытай жазма булактарында катталган гэгунь этноними катары б.з.ч. 203 – 202-жылдардан тартып кыргыздар Борбордук Азиядагы этносаясий процесстерге дамамат аралаша баштаган.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Кыдыршаевичтин кайрылуусуна тарыхчы Нурдин Усеев алгачкылардан болуп үн кошуп, өз пикирин төмөндөгүчө билдирди:
Тарыхчы Нурдин Усеев:
— Чындап эле кыргыз этнониминин ушуга чейин айтылып келген чечмелөөлөрү «элдик этимологиянын» деңгээлине чыга алган эмес. Ошол эле кырк саны менен байланыштырган жана окумуштуулардын бир бөлүгү тарабынан колдоого алынган божомол да – кыргыз этнониминин 2400 жылдык жазма тарыхын, башка элдердин тарыхый фольклорундагы формаларын эске албастан, кырк санынын примитивдүү символикалык маанисинен келип чыккан божомол.
Бул багытта акыркы жылдары жакындан изилдөө жүргүзүп, бир канча эмгек жазган изилдөөчү катары иштеримдин жыйынтыгын кыскача билдирип коюуну туура көрдүм.
- Азыркы кыргыз тилиндеги ар бир сөздүн жок эле дегенде 1500-2000 жылдык тарыхы бар. Анткени жазуу маданиятыбыз ошончо жылдык тарыхка ээ. Анын үстүнө кайсы бир учурда кыргыз деген атты алган эл тарыхта орду чоң калк болгон үчүн алар тууралуу Батыш менен Чыгыштын ары тарыхый жазма булактарында, ары фольклордук чыгармаларында көп жазылып калган.
Мына ушул тарыхый жана оозеки булактарда кыргыз этноними 3 түрдүү жолугат:
а) Б.з.ч. II, б.з. VII кылымдар аралыгындагы Кытай жазма булактарында «кыркур/кыркут/кыркуз/кыркун» деген формада учурайт. Бул сөздөрдүн уңгусу «кырку» болсо, «+р,+т,+з,+н» мүчөлөрү – бул этноним жасоочу көптүк мүчөлөр. Демек уңгу – «кырку».
б) Якуттар менен буряттарда кыргыз этноними «кыргыдай» деп жолугат. Уңгусу «кыргы» сөзү, «+дай» байыркы монгол тилинде этноним жасоочу көптүк мүчө. Демек уңгу – «кыргы».
в) Монголдордун тарыхый тексттеринде кыргыз этноними «кергут» деп да жолугат. Уңгусу «кергу» сөзү, «+т» байыркы монгол тилинде этноним жасоочу көптүк мүчө. Демек уңгу – «кергу».
Жыйынтыгында «кыргыз» этнониминин уңгусу «кырку/кыргу» деген сөз болуп чыгат. Бул сөз байыркы түрк тилдеринде «алгыр куш, бүркүт» деген маани берет. Өз учурунда «алгыр куш, бүркүт» деген маани берген «кырку/кыргу» сөзү «кыруу, жок кылуу» маанисине келген «кыр-» этишинен келип чыккан.
Башкача айтканда, кыргыздар алгыр кушту, бүркүттү тотем деп эсептеп, өздөрүн ошо менен аташкан. Гардизинин “Зайн-ал ахбар” эмгегинде (1049-1053-жж.) кыргыздар бүркүттү тотем деп эсептери жазылып калган. Абулгази Бахадыр Хандын “Шежере-и түрк” аттуу эмгегинде кыргыздар Чыңгыз Хан курган империяга тынчтык жолу менен киргенде берилген белектердин башында бир аягы, жүзү жана көзү кызыл ак шумкар болгону жазылып калган. Булар лингвистикалык жол менен келген жыйынтыгыбызды тастыктап турган этнографиялык маалыматтар.
- Кытай, манжур булактарында кыргыздар үчүн колдонулган бурут этнонимин Ю.А.Зуев «бүркүт» сөзү менен байланыштырган. Бул да кыргыз этноними «алгыр куш, бүркүт» деген маани берген «кырку/кыргу» уңгусунан келип чыкканын далилдейт.
- Эң негизги башка бир далил – бул улуттун тотемин, ишенген символун чагылдырган байыркы эн тамгалар. Кыргыздардын байыркы мамлекеттик эн тамгалары Кытай булактарында, Кыргыз кагандыгы жазма эстеликтеринде жана аска сүрөттөрүндө сакталып калган. Мына ушул байыркы мамлекеттик эн тамгаларыбыздын бардыгы алгыр кушту, бүркүттү чагылдырат. Бул багытта изилдөө жүргүзгөн окумуштуулардын бардыгынын илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы ушундай. Кыргыздар алгыр кушту, бүркүттү тотем деп тааныган, кабыл алган үчүн өздөрүн чагылдырган эн тамгаларына алгыр кушту, бүркүттү бейнелешкен.
Жыйынтыктап айтсак, лингвистикалык да, этнографиялык-тарыхый да маалыматтар, фактылар кыргыз этноними «алгыр куш, бүркүт» маанисине келген «кырку/кыргу» сөзүнөн келип чыкканын толугу менен көргөзүп турат.
Эмне үчүн бүркүт? Тарых боюнча эркиндикти сүйгөн эл катары таанылган кыргыздар тотем катары бүркүттү көрүшкөн. Согушчандыгы менен белгилүү болгон кыргыздар өздөрүн бүркүткө салыштырышкан. Муну Батыш саякатчысы Николас Витсендин «Түндүк жана Чыгыш Тартария» аттуу эмгегинен бир үзүндү менен көрсөтөлү: «Это беспокойный, храбрый, героический, упрямый народ. Они хорошие солдаты-конники, с копьями, в латах и панцирях из железных колечек на всем теле».
Өмүрбек Тиллебаев